www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтын рудасынан куймалар кантип алынат? Баалуу металлды өндүрүү жана ташуу процессинде кантип корголот? "Кумтөрдүн" казынасы кайда жана кантип жөнөтүлөт? Бул суроолорго жоопту 24.kg маалымат агенттигинин журналисттери издеп көрүшкөн. 

Алтын кайдан башталат?

Кумтөр кени деңиз деңгээлинен 4 миң метрден ашык бийиктикте, түбөлүк тоң зонасында жайгашкан. Жыл сайын карьерден 170-200 миллион тонна тоо массасы алынат. 30 жылдык өнүгүүсүндө карьер алп, терең серпантинге айланган.

Жыл сайын карьерден ташылган болжолдуу 170-200 миллион тонна тоо массасынын, 6 миллион тоннага жакыны гана алтын камтыган руда болуп эсептелинет.

Ал сорттолуп, андан кийин кампаларга жөнөтүлөт. Руда майдалагычка самосвалдар менен жана андан ары ленталык конвейерлердин жардамы менен фабрикага жеткирилет. Анда аны майдалоо жана алтын алуу жүргүзүлөт. Бул процесс руданы байытуучу ар кандай технологияларды колдонуу менен ишке ашат.

Мисалы: аны химиялык реактивдер менен эритип, алтын бөлүкчөлөрүн бөлүп алуу жана аларды доре алтын куймасына айландыруу.

Алтын ылгоочу фабрика

Андан ары өндүрүш процесси алтын ылгоочу фабрикада улантылат. Бул жерде баары катуу көзөмөл астында болот. "Кумтөр" кен ишканасында орнотулган 412 видеобайкоо камерасынын 200дөн ашууну фабрикада турат, бул жерде күзөтчүлөрдүн эң көп саны бар.

Доре алтын куймалары чыгарылган кире бериште текшерүү рентген аппараты орнотулган. Ал аркылуу кирген жана чыккандардын баары өтөт. Бул адамдын, атүгүл эң кылдат адамдын текшерүүсүнөн алда канча натыйжалуу текшерүү болуп саналат. Биз техниканы алдаса болбой турганын текшерип көрдүк. Алгач буга уруксат алып, андан кийин ишибизди уланттык. Барын кезеги менен айтып беребиз.

Фабрикадагы бүт өндүрүш процесси жашыруун. Бизге сүрөткө тартууга уруксат берилди, бирок кадрга видеобайкоо камералары кирбеши шарты менен (эч ким алардын кайда экенин билбеши керек), Ишкананын кызматкерлеринин жана күзөтчүлөрдүн жүздөрү, мониторлор жана куймалар сакталган кампанын (сейфтин) эшиктери.

 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости