www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак калпак кыргыздын ыйык туткан башкы баалуулуктарынын башатында турат. Бүгүнкү күндө 5-мартты Ак калпак күнү деп билгилеп жатабыз.
Албетте, кулакка жагымдуу угулган менен бир эле күн сандыкты ачып калпак кийип, анан кайра эртеси сандыкка салып койгондой болгон түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Дегенибиз, калпактын маанисин тарытып, бир күндүк майрам кылуу менен калпактын кадыры өсүп кетпейт. Андыктан комплекстүү мамиле керек.
Баш кийимге карата кыргыз элинде өзгөчө аздек мамиле калыптанган. Баш кийим кут, сыймык, даражаны билгизген.
Ошол себептен, баш кийимин жерге таштаган эмес. Ар дайым бут баспай турган бийик жерге койгон. Ким баш кийимин тебелендиге калтырса сыймыгын, кутун качырат, даражасы, багы тебеленет деп билишкен.
Башка бирөөгө дагы белек кылып берген эмес. Ким бирөөгө баш кийимин берсе, ырыскысы, сыймыгы оошуп, куту, ооматы качат дешкен. Бүгүнкү күндө ак калпакты белек кылганды өнөр көрүп калдык. Мындай одоно терс адатты токтотуу зарыл.
Ак калпакты белек кылмак түгүл, баш кийимин жоготуу кырсык, жамандык катары кабылданган. Эгер бир жерге кийип жүргөн баш кийимин унутуп калса, ошол бойдон калтырган эмес. Атайын барып алып келишкен.
Бир сөз менен айтканда, кыргыз эли баш кийимге карата өзгөчө философиялык салт, нарк калыптанган.
Кимдин даражасы кандай, жакшы канчада, бойдокпу, үйлөнгөнбү баарын кийген калпагынын түсүнөн, кыюусунан ажыратып таанышкан.
Бул боюнча журналист Жыпарбек Абдразаков мыкты чечмелеп жазганы кыскача төмөндө берилет.
Маселен, кыюусу жашыл түстүү калпакты 13 жашка чейинки бир мүчөлү болгонго чейинки өспүрүмдөр кийишкен. Жашыл түс өсүп келе жаткан куракты түшүндүрөт.
Боз улан кезде кыюусу кызыл түстүү калпак кийишкен. Кызыл түс бышып жетилгенди түшүндүргөн.
Үйлөнгөндөн тартып чыйратылган (ак-кара жиптин эшилген түрү) жип менен кыргакталган ак калпак кийгизилген. Аны кызды төркүнөн алып кетүү тоюнда кыздын жеңелери күйө баланын кызыл калпагын чечип, жогоруда аталган калпакты кийгизишкен. Бул, аламач жип - турмуштун жолуна түштү, аялы бар деген белги. Ак-кара – турмуш жолу.
Балалуу болгондон баштап кара баркыт менен кыргактары четтелип, талааларынын четтерине ак-кара турмуш жолу түшүрүлүп тигилген калпак кийишкен. Бул, артында балдары, изи бар деген түшүнүктү билдирген.
Өз алдынча үйлүү болуп, бир түтүн болуп эсептелгенде кара манат менен кыюуланып, талааларынын четиндеги бирдей аралыктагы кош сызыктын ичине ак-кара изи түшүрүлгөн калпак кийишкен. Мындан анын өз алдынча үйдүн кожоюну болуп, элге дагы бир түтүн кошулду деген маанини туюндурган. Мисалы, талаалардагы бирдей аралыктагы кош сызык - өз алдынча түтүн, элдин эсебине кошулду деген маани берген.
Кырк жашка чыкканда кара манат менен кыюуланып, талааларындагы бирдей аралыктагы кош сызыктын ичине ак-кара изи түшүрүлгөн, эки жагы айры калпак кийишкен. Мында, эр адам турмуштун ысык-суугуна бышты, үй-бүлөсүн эле эмес, уруунун же мамлекеттин өтүлүн алганга жарап калганы билдирилет. Ал эми эки жагындагы тилиги – чекиттен чексиздикке деген маани, же акыл-эси толду дегенди туюндурат. Бул калпакты кийген кишинин жоопкерчилиги күчөп, башкаларга өрнөк болуу милдетин моюндай баштайт. Натыйжада, мындай калпакты алтымыш жашка чейин кийишкен.
60 жаштан кийин кара манат менен кыюуланып, талааларындагы бирдей аралыктагы кош сызыктын ичине ак-кара изи түшүрүлгөн, алды-арты айры калпак кийилген. Бакай калпак деп да аталат. Себеби, калпактын алды-артындагы тилиги – чекиттен чексиздикке же чечмелеп айтканда, чексиз акыл-эске ээ дегенди билдирет. Анткени, бул жашта адамдын колунан азыраак иш өнүп, карылыкка моюн суна баштаганы менен, турмуштук тажрыйбасы артып, акылы тунуп, алды-артын көрүп калды дегенди түшүндүрөт. Ошон үчүн кыргызда "карынын кебин капка сал" деп бекеринен айтылбаптыр да.
Сексен жаштан аркы карылар көп деле калпак кийе алышкан эмес, алар жайы-кышы көбүнчө көрпө тебетей, түлкү тебетей, суусар тебетей кийишкен. Анткени, бул куракта адамдан эт качып, жылуулукту сүйө баштайт. Анын үстүнө кыргыздар тоо таянып, жайы салкын, кышы суук жерлерде жашашканы баарыбызга маалым.
Дагы бир белгилеп кетчү жагдай, кыргызда кийизи да, кыюусу да кара калпакты аялы каза болгон кишиге кийгизишкен. Анын азасы бар адам экенин туюнтуп, ага башкалар урмат-сый менен мамиле кылышкан. Ошол эле учурда, ага жар табууга шарт түзгөн. Эгерде эр адамдын өзүнөн улуу жакын туугандарынан көз жумса, алар калпагынын алды жагын түшүрүп кийишкен. Ал эми калпактын артын түшүрүү - өзүнөн жаш, артын улай тургандардан каза болгонун түшүндүргөн.
Калпак - өтө ыңгайлуу, ысыкта күндөн, суукта ызгаардан сактаган жана терең философияга ээ баш кийим. Ал аркылуу кыргыз элинин ишенимин, руханий дүйнөсүн, купуя сырларын, каада-салттарын билүүгө болот. Мисалы, бул баш кийимибизди капталынан карасак, ак мөңгүлүү Теңир-Тоону элестетет. Ушундан эле калпак кийгендерди тоодо жашаган эл экенин билсе болот. Ал эми кайрымы болсо, ошо тоону жакалап жашаган калк дегенди түшүндүрөт. Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат. Ал төрт талаа жердеги адам жашоосунун негизи – жер, аба, суу, от. Анткени, кыргыздар байыркы эл болгондуктан, адам жашоосундагы эң керектүү төрт зарылдыкты ыйык тутушкан. Бул ыйык баш кийимибиздин төбөсүндөгү кошуу сызыгы – күндүн белгиси, анын жарыгы төрт тарапка тең тегиз тийет деген маани.
Калпактын төрт жагындагы кара кыргактары - бийиктикке жетүүнүн жолу же жер менен чексиз ааламды, көктү, асманды бириктирген жол. Талааларындагы бирдей аралыктагы кош сызык – өз алдынча үй-бүлө болуп, отон куруп, негизги турмуш жолуна түштү. Элдин эсебине түтүн болуп кошулду деген түшүнүк. Ал эми, калпактын талааларынын четиндеги кош сызыктын ичиндеги ак-кара – артында изи бар дегенди туюндурат, тактап айтканда, бул - туяк. Калпактын эки жагындагы тилиги (ачасы) болсо, чекиттен чексиздикке деген маани, же акыл-эси толду дегенди туюндурат. Чекиттен чексиздикке – бул адам акыл-эси чексиз дегенди билдирет. Мындай калпакты кийген кишинин жоопкерчилиги күчөп, башкаларга өрнөк болуу милдети жүктөлөт. Ошондой эле, тилиги (ачасы) бар калпак кишинин турмуштун ысык-суугуна бышканын, үй-бүлөсүн эле эмес, уруунун же мамлекеттин жоопкерчилигин алганга жарап калганын билдирген. Калпактын чокусундагы чачысы, кээде чогуу деп да аталат – бул биримдиктин белгисин чагылдырган.
Булак: NazarNews.kg