www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда бийлик элдин камын көрүп мыйзамдарды мамлекеттин өсүшү үчүн багыттап жатат. Бирок Салымбекорв өңдүүлөр салымын кошуп көтөргөн «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев өңдүү жетекчилер өз арбайын өзү согуп, бийликтин жасаган иштерине тоскоолдук кылып жаткандай. Алсак, бул жерге жалаң аксылык жердештерин чогултуп, трайбализмге катуу батканы аз келгенсип, темир жолдун рельсаларын чыгарып туш келди сатып, байып жатканы элди өкүнүчкө салып жатат. «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев мындай окуялар болгонун мойнуна алды. 2020-жылдын күзүндө «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери вагондорду «бырчалап» маталлоломго өткөзүшкөн. Бул иштер боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул вагондордон түшкөн акчалар кимдин капчыгына куюлду? Кыргыз темир жолунун дөдөй жетекчилери эмне үчүн вагондор менен контейнерлерди учурунда жокко чыгарган жок. Эгер вагондор эскирип жараксыз боло турган болсо министрлик жана мүлк фонду менен комиссия түзүп анан жокко чыгарууга тийиш. Вагондун эксплуатациялык колдонуу убагы жетти деп кескилеп жок кыла берсе эмне болот, же өзүбүз вагон чыгара албасак? Мейли убагы келсе бырчалап кессин аны базар баасы менен сатышып мамлекетке төгүш керек да.
Жыйырма алты жыл же 1996 - жылдан бери талкууланып келаткан Кытай- Кыргызстан -Өзбекстан темир жолунун техникалык негиздемеси быйыл араң иштелип чыкмай болду. Долбоор андан бери техникалык негиздеме 2 жолу – 2002чи жана 2012-жылдары даярдалган, аны дагы бир жолу жаңылап коюу – оңой эле нерсе. Отуз жыл ичинде Кыргызстан өз аймагында бир да метр темир жол кура алган жок жана анын түндүгүндөгү жолдор эмгиче «Казак темир жолунун» бөлүгү болуп эсептелет. Бишкек менен Балыкчы ортосундагы темир жол дагы эмгиче жакшылыктуу иштебейт, поезддер көп болгондо, Кант менен Токмок жана Балыкчы тургундарынын турмушу бир топ оңолмок.
Маселе – биздин бийлик темир жолду көп деле каалабайт жана түшүнбөйт, анын кенендигин өзгөрткөндөн болсо коркот – ал үчүн Орусиянын уруксаты керек. Дөңгөлөктөрдү алмаштыруу түйүнүн Торугарт же Эркештамда куруу Кытай үчүн пайдалуу эмес, андай түйүн Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасында курулса, анда өлкөдө эки башка система пайда болот жана аны менен ансыз деле араң жаны бар темир жол системасы таптакыр талкаланып кетиши мүмкүн.
Темир жолдун рельстер ортосунда аралык ар түрдүү кетет, стандартуу деп европалык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы кирет, бул 1435 миллиметр. Бул жерге Ирандын темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы да кирет. Ал эми азиялык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы 1676 миллиметр буга кошуналардан Кытай, Пакистан киришет. Ал эми биз эски советтик же азыркы орусиялык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгына киребиз же 1520 миллиметр. Эгер Кытайдан темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы азыраак экени белгилүү болсо ал ошол менен жүк алып келип орусиялык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы көбүрөөк рельстер менен келген поюзга жүктөй турган болсо, бул жүк жүктөөчү станциялар Кыргызстанга курулса канча пайда алып келет:
Кытай Орусия, Казактан, Монголия, Вьетнам, Түндүк Корея менен темир жолу менен байланышат. Казактанга Ланчьчжоу –Синьцзян темир жолу менен байланышат. Бул аркылуу Ооганстан кошулганын айттык.
Орусияга Манжур-Байкал алдындагы темир жолу, Суйфэньхэ –Ыраакы Чыгыш темир жолу, Хуньчун – Камышовка (Приморск крайы) темир жолу бар.Курулуп жаткан темир жолдору Мишандан Хабаровскиге, Тунцзяндан Амурга .
Кытай Кашкар аркылуу Кыргыз-Кытай-Өзбек темир жолунун салынышына кызыкдар. Учурда Кытай дүйнөдөгү экономикалык жактан эң күчтүү мамлекетке айланып калды. Анын товарлары ушул темир жол аркылуу нечендеген жолдорду кыскартып, Европага өтүп турушу керек. Бул темир жол Кытай мамлекетине кошумча экспорттор үчүн жол ачат. Ошондой эле артта калып бара жаткан, сепаратисттик сезимдерге чуулганган СУАРдын өнүгүшүнө шарт түзөт. Учурда бул жерде мунайзаттын айтып түгөткүз кени ачылды, ушул жерден пахтанын көпчүлүгү алынат. Кытайдын экономикасынын өнүгүшү үчүн бул темир жолдун пайдасы зор. Бул темир жолдун курулушуна Бээжиндин экономикалык кызыкчылыгы бар. Кытайдын ШКУ саммитинин алкагында Өзбекстан менен Кыргызстанды инвестициялап жатканы ушул темир жолдун тезирээк курулушу болуп жүрбөсүн?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg