www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кылымдар боюу кошуна жашап, дос-тууган, куда-сөөк болуп калган, ал тургай базары менен базары бир, эч качан урушуп-талашпаган, согушпаган кошуна элдер кыргыздар менен тажиктердин ортосунда акыркы эки жылда күтүлбөгөн жагдайда от чыгып, бири-бирине ок атылды.

Ал тургай кыргыз элинин белгилүү эпосу “Манаста” да тажик элинин орду бар. Анткени Манас баатырдын жубайы Каныкей (Санирабига) тажик кызы болгон.

Кийинки, 1990-жылдардагы Тажикстанда он жылга созулган ич ара жарандык согушта да кыргыздар, ошол кездеги Кыргызстандын жетекчилери ортого түшүп, аларды жараштырууга, тажик жерине тынчтык орнотууга чоң салым кошкондугу белгилүү. Ошондогу жана азыркы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон “кыргыз элинин бул жакшылыгын эч качан унутпаймын...”,- деп айткан сөзү тартылган видео тасмалар интернет желесинде турат.

1991-жылы август айында улуу держава СССР кулап, анын курамындагы 15 союздук республикалардын катарында Кыргызстан да, Тажикстан да өз алдынча Эгемендүү мамлекет болгон менен чек ара толук такталбай, бүгүнкү күнгө чейин талаш-тартыштарды жаратып келет. Бирок ошол эле жылы Алматыда, кийин Минскте Союздук республикалар ошол учурдагы аймактык бөлүштүрүүнү тааный тургандыгы жөнүндө документке кол коюшкан. Ооба, мурда өзгөчө жаз, жай мезгилинде суу талаштан анча-мынча эки тараптын жашоочуларынын ортосунда чыр-чатактар чыгып келген. Аны ошол эле айылдын, ашып кетсе райондун жетекчилери чечип койчу.

Бирок 2021-жылы апрель жана 2022-жылдын сентябрь айларында эки мамлекеттин ортосунда алгач чек ара чырынан чыккан чатак чоң жаңжалга айланып кетти.

Натыйжада эки тараптан тең эч кандай күнөөсү жок, согушту каалабаган, жоокерлер, жаш балдар менен аялдар, кары-картаңдар каза болду. Жүздөгөн Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринен тартып, чек ара бекеттери, жөнөкөй жарандардын үй-жайы өрттөлүп, таланып-тонолуп, малы айдалып кетти.

Мурда бир мамлекеттин курамында болуп, чогуу жашаган, каны-жаны бир, бүгүнкү күнгө чейин карым-катнашы, соода-сатыгы уланып келаткан кыргыздар менен тажиктердин ортосуна ким чок таштады? Эми мындан аркы жашообуз кандай болот? Эки жылдан бери чек ара жабылып, соода-сатыгыбыз, жакшылык-жамандыктагы карым-катнашыбыздын токтоп калуусунан ким пайда тапты? Зыяны кандай болду? Мындан ары кандай жашайбыз?

 

  •  

  

Адамзаттын тарыхындагы согуштарды алып карасак деле эч ким (жеңген да, жеңилген да тарап) максат-мүдөөсүнө жеткен эмес. Дүйнөнү башкарам деген биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштарды баштаган Наполеон менен Гитлер деле бири белгисиз аралга айдалып, ошол жакта сөөгү ит-кушка жем болсо, экинчиси өзүн-өзү атып өлтүргөн...

Кыргыздар менен тажиктер эч жакка көчүп же качып кете албайт. Демек, алдыбызда жерди да, сууну да тең бөлүшүп, ынтымакта гана пайдалануудан башка жол жок. Чек ара болсо биз үчүн шарттуу гана аймак болууга тийиш.

Ар кандай көйгөйдүн себебин жана аны чечүүнүн жолдорун ошол жерде жашаган жергиликтүү эл гана жакшы билет. Андыктан биз кыш чилденин январдагы ызгаар суугуна карабай борбордон Кыргызстандын эң четки, туш тарабы жалаң Тажикстан менен чектешкен, өткөн жылдагы тополоңдо зыян тарткан Лейлек районунун төмөнкү зонасы Кулунду жана Арка өрөөндөрүнө сапар тарттык.

Бир чети Лейлек менин кичи мекеним. Балалыгымдын бир бөлүгү ушул Арка жакта өтүп, Тажикстандын Ленинабад шаарына, Ноо, Пролетар, Чкаловск райондоруна эч тоскоолдуксуз кирип-чыгып, соода-сатык кылып турчубуз.

Бир чети Баткен десе эле көпчүлүгүбүз Баткен шаары менен районун элестетебиз. Андан ары Лейлек районунун борбору Раззаков шаарына чейин эле 150 километр аралык экендигин, Баткенден Лейлекке чейин жолдун алыстыгынан тышкары Тажикстан кээде жаап койгон узундугу болгону 270 метр болгон жалгыз Төрт-Көчө жолу бар экендигин да көпчүлүгүбүз билбейбиз. Өткөн жылы сентябрдагы жаңжалда да Тажикстан тарап бул жолду жаап салып, Лейлек району, Сүлүктү шаары жана Баткен районунун жарымы бир нече күн Кыргызстандан бөлүнүп калды. Борбордон жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдар да бул аймакка жетпей жатты. Бишкектен барган жетекчилер деле көпчүлүк учурда Баткен шаары менен районуна барышып, Лейлекти унутуп коюшат...

Биз Лейлек районуна барган бул сапарыбызда жергиликтүү бийликтин жетекчилер жана жашоочулар менен жолугуп, чыр-чатактын себебин, алардын мындан аркы кошуналар менен кандай мамиледе болору тууралуу пикирин уктук.

Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер айыл өкмөттөрү Тажикстандын жети району менен чектешет.

Ташбалтаев Өскөнбай Каримович, Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы:

Кыргыздар менен тажиктер жолугуп, көзүбүзгө жаш алып ыйладык...

Кулунду айыл өкмөтүнүн аянты – 48 912 гектар;

Калкынын саны – 27 549 адам;

Кожолуктун саны – 6421;

Максат айылы – 294;

Интернационал айылы – 997;

Кулунду айылы – 2581;

Исхак Разазков айылы – 1003;

Ак Арык айылы – 1113;

Булак-Башы айылы – 425.

- Бүгүнкү күндө мурдагыга салыштырмалуу абал тынчыраак. Атышуу башталган күндөрү көпчүлүк элибиз райондун жогорку зонасына, Ош, Жалал-Абад, Чүй облусттарына, Бишкек шаарына көчүп кетишкен эле. Азыр алар акырындап көчүп келип жатышат. Каттуу сууктан илгери да бир топ адамдар көчүп келишкен болчу. Эми күн жылып, жаз келгенде калгандары да толук көчүп келишет ко деп күтүп турабыз. Эң негизгиси эл чек ара тынч болуп, ок атылбашын, алардын жашоосуна кепилдик берилишин гана күтүп турушат.

Эки жылдан бери тажик эли менен карым-катнашыбыз токтоп калды, чек арабыз жабылган. Бирок 2022-жылдын 30-декабрь күнү биз, Кулунду айыл аймагынын аксакалдары, коомдук уюмдары, Тажикстандын Оочу-Калача айылынын активисттери менен биздин Интернационал айылында, бейтарап зонада  тажик тарап менен жолугуштук. Мурда бул айылда ПМК, айыл чарба техникаларын оңдогон ишкана жана башка мекемелер болгон. Анда Тажикстандын жарандары да келип иштеп турушкан. Мындан тышкары кыргыздар менен тажиктер бири-бирибиз менен соода-сатык кылып, аш, тойго барып-келип, кадимкидей эле катташып турганбыз. Бирок азыр бул байланыштардын баардыгы үзүлдү.

Эми кандай болгон учурда дагы кыргыз жана тажик элдерин кошуна кылган бул Алла Тааланын буйругу. Ошондуктан биз кылымдар боюу ынтымакта, урушпай-талашпай ынтымактуу жашап келдик. Мисалы, Тажикстандын Кыстакөз айылынын мүрзөсү кыргыздар тарапта. Манас атабыз тажиктин кызы Каныкейге үйлөнгөндөй эле бүүнкү күнгө чейин кыз алышып, беришип, куда-сөөк болуп келатабыз. Бирок мен ойлоймун, тажиктердин деле карапайым эли кыргыздар менен чыр-чатакты каалабайт. Кыргыздар деле ынтымакта жашагыбыз келет. Демек, биздин ортобузга чок салган кайсы бир үчүнчү күчтөр болушу мүмкүн. Мен мындай деп кечээки жолугушуубузда эле эки тараптын тең адамдары көзүнө жаш алып ыйлагандыгын көргөндөн кийин айтып жатам.

Биз айрым айыл өкмөттөрүнүн деңгээлиндеги маселелер боюнча тажик тарап менен тез-тез эле жолугушуп, өзүбүзгө берилген ыйгарым укуктун чегинде аларды чечүүгө аракет кылып келебиз. Мындан тышкары ошол эле күнү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жамааты Кыстакөз (Тажикстан) айыл өкмөтүнүн активдери менен жолугушту. Биз болсо Оочу-Калача (Тажикстан) айылынын жамааты менен жолугушуп, алар тарабынан биздин жарандардын уурдалган малдары бар экен, кайтарып беришти. Биз тараптан алардын эч кандай малы, буюму уурдалган эмес эле, доомат коюшкан жок. Бирок согуш учурунда ар кандай болот экен, алардын Сада (Пахтаабад) айылына биз тараптан эки уй уурдалып кеткен экен, аны да биздин чек ара кызматкерлерибиздин кийлигишүүсү менен кайтарып беришти.

Келечекте эки эл кандай болбосун мурдагыдай тынч турмушта жашап, катташышып, соода-сатык жүргүзүшүбүз керек. Биз керек болсо бир дарыядан суу ичебиз. Алардын Гафуров жана Жаббар Расулов – эки районунун талласы Козу-Баглан дарыясынын агып келген суу менен сугарылат. Ичкен суусу да ушул дарыядан алынат. Ошондуктан биздин да, алардын да ынтымакта жашагандан башка жолубуз жок. Бүгүнкү күндө эки мамлекет тарабынан делимитация, демаркация иштери жүрүп жатат. Буюрса, бул иш аягына чыгып, карым-катнашыбыз калыбына келет деп ишенем.

-Тажик тараптан да сиздерге карым-катнашты калыбына келтирели деп кайрылып атышабы?

- Ооба. Интернационал айылында “Достук” деген чоң базар бар. Анын жарымына тажиктер, жарымына кыргыздар барып соода-сатык кылат элек. Мындан тышкары 60тай жеке ишкерлер өздөрүнүн товарларын алып келчү. Өзүнчө мал базарыбыз да бар эле. Ал да эки жылдан бери иштебей турат. Кечээки согушта ошону тажик тарап өрттөп салды. Жаңы жылга чейин бул базар оңдолуп, калыбына келтирилип, январдан тартып ишке берилди.

Ошол жаңы жыл алдында жолугушканыбызда тажик тарап да мурдагыдай базарларда бирге соода кылсак, мааракелерге барып-келсек деген сунуштарын айтышты. Биз макул, силердин сунушуңарды биз өзүбүздүн жетекчилерибизге жеткирели, алар деле макул болушат, силер деле өзүңөрдүн жетекчилериңерге оюңарды айткыла, бирок силер тараптан жооп кечигип атат дедик.

- Демек, эки тараптын тең эли карым-катнашты калыбына келтирүүгө кызыкдар экен да?

- Албетте, аласа-бересе, кирди-чыкты болбосо баарыбызга эле кыйын да. Мына, өзүңдүн айылыңда бир көчөдө жашаган кошунаң менен кирди-чыкты болбосо, ал кунарсыз жашоо болбойбу. Акыркы эки жылга чейин кыргыздар менен тажиктер соода-сатыктан тышкары ар кандай майрамдарды, биргелешип спорттук иш чараларды өткөрүп турчубуз. 2018-2019-жылдары  жаштардын арасында футбол, волейбол боюнча бир нече спорттук иш чараларды өткөргөнбүз. Ал иш чаралар БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагында уюштурулган эле. Биз Фергана өрөөнүндөгү калк эң жыш жайгашкан, суу, жер тартыш аймакка киребиз. Андыктан ынтымакта гана жашаганга милдеттүүбүз. Келечекте эки элдин ортосундагы достук мамиле калыбына келет деп ишенем.

Сапарали Адинаев, Максат айылынын башчысы:

Бизге психологдордун да жардамы керек

- Өзүңүздөр жакшы билгендей, өткөн жылы сентябрь айында Тажикстан тараптан баскынчылык, агрессия болуп, биздин Максат айылынын да жашоочулары жабыр тартып калышты. Андан тышкары социалдык объектилер менен үйлөр  күйүп кетти. Биз Алла Тааланын ушундай чоң сыноосуна кабылсак да жалгыз эмес экенбиз. Артыбызда кыргыз элибиз, мамлекетибиз бар экен. Алар карап турбастан, бизге моралдык жактан, материалдык жактан дем, дух, күч-кубат берип турушту. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө күйүп кеткен үйлөргө мамлекет тарабынан 3 млн 300 миң сом бөлүнүп, заманбап талапка жооп берген стандарттык үйлөр салынып жатат.

Жалпысынан Максат айылында 23 үй толугу менен күйүп кеткен, 32 үй капиталдык жактан оңдоого муктаж, 70ке жакын үй учурдук оңдоого муктаж катары катталган. Үйү күйгөндөр этап-этабы менен 200 миң сомдон компенсация алышты. Бүгүнкү күнгө карата бул иштерге толук акча берилип бүттү. Кийинки этапта машинасы жоголгон, үйү тонолгон, малы, буюмдары жоголгондорго да мамлекет этап этабы менен жардам беребиз деп атат. Февраль айында күйүп кеткен үйлөр толугу менен бүтүп, ээлери кирүү алдында турат.

Бүгүнкү күндө эвакуацияланган эл өтө каттуу коркуп, стресс алгандыктан, Ош, Бишкек шаарларына качып кетишкен эле, алардын 80%ы кайра кайтып келишти. Калган 20%ы да жаз алды менен келет деген үмүттөбүз. АРИС уюму тарабынан өрттөлгөн “Максат” орто мектеби толук оңдолуп бүттү. Буюрса, бир жуманын ичинде окуучулар мектепке барып билим алуусун улантышат деп турабыз. ФАПтар да бүтүп, ишке берилди. Азыр элибиздин маанайы жакшы. Усталарыбыз тынбай иштеп атышат, эң негизгиси бизге мамлекет делимитация жана демаркация маселесин эле чечип берсе, баары жакшы болот.

Биз мурда тажик кошуналар менен жакшы мамиледе болуп келгенбиз. Чек ара такталбагандыктан эле жер, суу, жайыт талаш болуп жатат. Бирок акыркы окуя каттуу болду, элдер каттуу стресс алып, каттуу коркту дегендей, бизге азыр жаш балдарды алып келиш үчүн психологдор, врачтар керек.

Абазбек Коңурбаев, Интернационал айылынын башчысы:

Биз да, тажиктер да согушту каалабайбыз

- Бүгүнкү күндө биздин айылдын элинин 70-80 пайызынын жашоосу, маанайы жакшы десе болот. Анткен менен коркуу абалында деле жүрөбүз. Ошентсе да мамлекетибизге Алла ыраазы болсун, мына өзүңүз билгендей, 2022-жылы 16-сентябрда Тажик мамлекети менен өтө каттуу уруш болду. Мен уруш деп эле айтам. Элибиз аябай коркту. Бүгүнкү күндө ишкерлерибиз менен элибиз эвакуацияланып, кайра көчүп келүү иштери уланып жатат. Куда кааласа 80% эл кайра кайтып келди. Алар душманга бир карыш да жерибизди бербейбиз деген патриоттук сезим менен кайтып келишти.

Биздин айылда 80ге жакын жеке ишкерлердин объектилери, банктардын филиалдары баары тонолуп, өрттөлгөн. Азыркы учурда алар толугу менен мамлекет тарабынан оңдолуп, калыбына келтирилип, ишин баштап калды. Элибиз мамлекетибизге өтө ыраазыбыз. Көптөгөн жардамдар келип жатат, ишкерлерге, үйү күйгөндөргө пайызсыз кредиттер берилүүдө. Жабыр тарткандардын кредиттерин жоюп жатат. Бул дагы элибизге аябай дем берип атат. Мектептер ачылып, окуучулар кадимкидей окуп жатышат.

Мурда биз жакшы жашап келгенбиз. Тажиктер деле урушту каалабайт. Интернационал айылында көп улуттуу, айрыкча кыргыз, өзбек, тажик элдери жашашат. Бири-бири менен кудалашкан адамдар көп. Ал жакка кызын берген же ал жактан кыз алган. Бүгүнкү күндө биз ал жакка, алар биз жакка өтө албай, жакшылык, жамандыкта катташа албай калдык. Ишемби, жекшемби күндөрү базарга ар кимибиз өзүбүздүн өндүргөн жашыл-жемишибизди, малыбызды алып чыгып, соода-сатык кызып турар эле. Бирок акыркы 5-6, айрыкча эки жылдан кийин бул байланыштар толук токтоп калды.

Урушту ким баштады билбеймин, бирок ортодо жөнөкөй эл кыйналып калды. Ошондуктан биз да, алар да чек ара ачылса, мурдагыдай ынтымактуу жашообуз калыбына келсе деп, бири-бирибизге, бийликке айтып, кайрылып жатабыз. Кыргыз бийлиги бизге аябай эле жакшы жардам берип жатат. Эми чек араны биротоло чечип, ортого зым тартканда эле ачаса жакшы болот.

Досмат Наркозиев, Интернационал айылынын жашоочусу, айылдын аксакалдар кеңешинин төрагасы, 33 жыл №31 кесиптик лицейде мугалим, мастер, партиялык уюмдун катчысы болуп иштеген, кесиптик билим берүүнүн мыктысы, КРнын ардактуу атуулу:

Бүтүндөй өмүрүм тажик туугандар менен карым-катнашта өтүп келатат...

- Мен 1947-жылы 7-ноябрда төрөлгөнмүн. Үй-бүлөдө беш бир тууган элек, өзүмдүн беш перзентим бар, экөөсү кыз. Алар баары эле ушул Интернационал жана Максат айылдарында жашап жатышат, бир кызымдын үйү тажиктер менен кошуна.

Менин бүткүл өмүрүм тажиктер менен чогуу өтүп келатат. Анткени Пролетар районундагы №27 кесиптик окуу жайда эки жыл окуп, 1962-жылдары бүтүргөнмүн. Бүгүнкү күнгө чейин чогуу окуган тажик курсташтарым менен достук мамиледе болуп, жакшылык-жамандыктарда катташып турабыз. Кечээки пандемияга чейин эле чогуу окуган кыргыз-тажик курсташтар ар айдын 27-числосунда бирөөбүздүн үйүбүзгө чогулуп, аш жеп, жаңылыктарды бири-бирибизге айтып берип, достугубуз үзүлбөй келди. Бирок пандемия бүткөндөн кийин былтыр 16-сентябрда ортодо чыр-чатак чыгып кетип, ал шериктерим менен азырынча байланыша албай турам. Экөөсү Тажикстандын Оочу-Калача айылынан, үчөөсү Пролетардан, дагы Парманкоргондон, Ноодан, нары жагы Таш-Коргон деп коёбуз, Лангардан болушат эле. Биз өспүрүм куракта таанышып, чогуу окуп, кийин да катташып, картайганга чейин чогуу болуп жүргөнбүз.

Мындан башка да менин Тажикстанда кийин иш учурунда, той-тамашада таанышып, достошуп калган көптөгөн теңтуштарым бар. Карапайым калкта биздин эч кандай бири-бирибизге жаман оюбуз жок. Жакшы мамиледе, салам-алик болуп жүргөнбүз дайыма.

Кечээ, жаңы жылдын алдында эки мамлекеттин бажы чек арасында ошол тажик туугандар менен жолуктук. Бул жактан Кулунду айыл өкмөтүнүн, Интернационал айылынын активисттери менен аксакалдары, ал жактан да ушундай курамдагы тажик туугандар келишти. Биз бири-бирибиз менен баягыдай эле кучакташып көрүшүп, сүйлөшүп, сырдаштык эле кучакташып көрүшүп, сүйлөшүп, сырдаштык.

Баардыгыбыз мусулман калкы болгондуктан, мындан ары ынтымакта болуп, мурдагыдай соода-сатыгыбыз менен карым-катнашыбызды калыбына келтирели деп сүйлөштүк. Биз да, алар да бири-бирибизге жакшылыктарды гана каалап, көп сөздөрдү айтыштык. Алардын да, биздин да ажылар элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү, достугубузду калыбына келтирели, балдарыбыз, неберелерибиз урушту көрбөсүн, жыргал турмушта жашасын деп дуба кылдык.

Биз тажиктер менен өмүр боюу кошуна жашап, турмуштун арабасын чогуу тартып келатабыз. Алар бизден Сүлүктүнүн көмүрүн, мал сатып алышса, биз алардан эрте бышкан жашылча-жемиштерин алып турганбыз. Ортобузда эч качан уруш-талаш, пикир келишпестик болгон эмес. Бирок Кудайдын сыноосубу, ушундай иштер болуп кетти. Мындан ары аксакал катары жаштарга туура тарбия, насаат айтып, кылымдык достугубуз менен карым-катышыбызды улантышыбыз керек.

Мен №31 кесиптик лицейде иштеп турганда Тажикстандын Ленинабад (азыркы Согди) облусунун кесиптик окуу жайларына, Канибадам районуна барып, биргелешкен семинарларды, ачык эшиктер күндөрүн өткөрүп, тажрыйба алмашып турат элек. Мындан тышкары ар кандай спорттук оюндарды кезеги менен бизде, аларда өткөрүп, бул жагынан да тыгыз кызматташтыкта болчубуз. Ошол Канибадамда жергиликтүү кыргыздар жашайт экен, бир жигит ал жердеги училищада мугалим болуп иштейт эле.

Биз СССРдин тушунда бир эле мамлекетте жашап, куда-сөөк болуп, той-тамаша кылсак, тажиктер керней-сурнайын көтөрүп келип, бул жагын көтөрүп, алар той кылса, биз малыбызды жетелеп барып, адия кылып эле уруш-талашы жок жашап келдик эле го. Кудайдын сыноосубу, эки жылда эки ирет ортодо жаңжал чыгып кетти. Интернационал айылындагы базарды тажик туугандар гүлдүрөтүп турат эле, ары жагы Ленинабаддан бери келип мал алып, Лейлек районунун тоолуу айылдарынан малын машинага жүктөп келип, ортодо кызуу соода болуп, эки жак тең, алганы да, сатканы да бири-бирине ыраазы болуп кайтар элек.

Ал тургай бул базарга Өзбекстандын Кокон облусундагы Жайпаң деген жерден бери өзбек ашыналар кыргыздардын малын алганы келишчү. Көпчүлүк кыргыздар да каналдын ары жагындагы тажик туугандардын дүкөндөрүнөн күнүмдүк тиричиликке керектүү азык-түлүктөн тартып, чарбалык товарларга чейин сатып алып турганбыз. Биз болсо кийим-кече алганы Ленинабадка, Пайшамби, Гафуровго чейин ээн-эркин барып, соода кылчубуз. Ушинтип эле айланып жүргөнбүз да.

Мусаев Кубат Ибрагимович, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы:

Биздин үйлөрдү өрттөп, күйгүзгөндөр жергиликтүү эл эмес, үчүнчү тарап болду

- Жаңы-Жер айыл өкмөтү Тажик Республикасынын Бабажан Гафуров районунун Кыстакөз айылы менен чектешип турат. Бул айылда биздин райондун калкына барабар эле – 120-130 миң калк жашайт. Биз мурдатан бери эле жаштардын ортосунда маданий, спорттук ар кандай иш чараларды биргелешип өткөрүп жүргөнбүз. Ортобузда чек араны бир эле жол тосуп турат. Делимитация, демаркация болбогон менен Кыргызстан менен Тажикстандын жери так. Чек ара ачык маалында биздин жарандар ал жакка, алар бизге ээн-эркин эле өтүп, соода-сатык, карым-катнаш кылып турчубуз. Элибиз Ленинабад шаарына Кыргызстанда жүргөндөй эле барып-келчү да. Бизге Баткен, Ош, Бишкек шаарлары алыс болгондуктан, базар-учарын негизинен Ленинабад шаарынан кылчу. Биз тарапта да 15-20дай май куючу жайлар иштеп, негизинен алардын автомашиналары май куюп кетишчү.

Ал кездегидей эле, азыр деле эки элдин ортосунда эч кандай талаш-тартыш жок. 2021-жылы апрелде да, 2022-жылы сентябрда да карапайым эл урушкан жок. Чек ара кызматкерлери эле урушуп, ортодо карапайым эл жабыркап, эвакуацияланды. Эки жолу тең тажик тараптан бизге агрессия болду. Түз эле снаряддан ок атылып, апрелде эки жараныбыз жаракат алышты. Өткөн жылы сентябрда төрт жараныбыз каза болуп калды. Чек арадагы Борбордук айылындагы 16 үйдү толук өрттөп салышкан. Аркада 56 үй өрттөлгөн. Жалпысы 241 үй толук тонолгон. Бүгүнкү күндө талкаланган жана өрттөлгөн үйлөр толук калыбына келтирилип жатат. Андан тышкары бир топ машиналар, коммерциялык объекттер уурдалып, өрттөлгөн.

Ушунчалык жоготууларга карабастан, биз тараптан да, тажиктер тараптан да бири-бирине душмандык сезим жок. Быйылкы жылдын башында, 10-январда айыл өкмөтүнүн деңгээлинде Кыстакөз айыл өкмөтүнүн жетекчилери менен жолуктук. Мен бул жолугушууда дагы бир ирет  эки элде бири-бирине эч кандай каршы пикир жок экендигине ынандым. Алар өздөрү бул жерде үчүнчү тараптын кызыкчылыгы бар экендигин айтышты. Чек арачылар эле тынч болсо, эл согушту каалабайт. Андыктан демаркация, делимитация иштерин бүтүрүп, чек араны ачып койсо, эл мурдагыдай тынч турмушта жашай берет.

- Сиздер тараптан Кыстакөз айыл өкмөтүнүн жетекчилерине кандай сунуштар берилди?

- Бул жерде чогуу майрамдарды, мисалы Ноорузду өткөрүүнү, элдин ынтымагын калыбына келтирүүнү айттык. Биздин айылдын соода-сатыгы жалаң Кыстакөз айылынан болчу. Көпчүлүгү кыз берип, кыз алышып, куда-сөөк болуп калышкан. Бүгүнкү күндө эки мамлекеттин тең чек арада жашаган эли чек араны тактап, мыйзамдуу түрдө кирип-чыгуугу уруксат берилишин күтүп турушат.

- Алардын сунушу кандай болду?

- Алардын деле сунушу ушундай, элдерди бириктирели, достоштуралы, бири-бирибизди конокко чакырып, ынтымакты, соода-сатыкты калыбына келтирели деген сунуштар айтылды. Тажик туугандар биздин элде кыргыздарга карата эч кандай душмандык жок деп ачык эле айтышты. Тажикстан тараптан биз тараптагы каналга танкаларын тизип коюп, элибизди киргизбей, үч күн боюу үйлөрдү, дүкөндөрдү, баардыгын тоношкон. Бирок аны жергиликтүү эл тоногон жок, башка айылдардан келген, лөлүлөр деп актанып жатышат.

Бүгүнкү күнгө чейин үйлөрдүн шыбында, үлүш жеринде, мал баккан талаада бирден-экиден снаряддын октору табылып жатат.

- Сыягы, чек аранын ачылышына бизге караганда тажиктер көбүрөөк кызыкдар болсо керек. Себеби алар сырткы дүйнөгө биз аркылуу гана чыгышат да.

- Ооба. Жаңы жылдан кийин эки өлкөнүн президенттери дипломатиялык мамиленин 30 жылдыгына байланыштуу бири-бири менен телефон аркылуу сүйлөштү. Чек араны тактоо боюнча комиссия да иштеп жатат. Тажиктер эмне үчүн кыргыздардын үйлөрүн тоноду? Себеби алар эки жыл блокадада болуп, ачка калышты. Баардык нерсе кымбат. Өздөрү өндүргөн нерсени сата албай калды. Сырттан келе турган товарды да ала албай калды. Бензин, солярка, азык-түлүк баары Кыргызстан аркылуу өтчү. Бүгүнкү күндө анын баары токтоп калгандыктан, чек араны ачууга бизге караганда көбүрөөк кошуналар кызыкдар.

- Бул жолугушуу тууралуу демилге ким тараптан болду?

- Демилге тажик тараптан болду. Биздин жетекчиликке айтылган экен, жергиликтүү деңгээлде жолугуп, сүйлөшкүлө деген тапшырманын негизинде жолуктук. Мен бул жерде туулуп-өсүп, коён жатагына чейин жакшы билген жана кечээки, өткөн жылдын  16-сентябрындагы каргашага катышкан айыл өкмөт жетекчиси катары айтаарым, бизге кол салгандар да, үйлөрүбүздү талап-тоногондор да жергиликтүү, карапайым тажиктер эмес, башка жактан келген кара кийимчен жалданмалар экендигин өз көзүм менен көрдүм.

Эмилбек Момунов,

Бишкек-Раззаков-Кулунду-Арка-Бишкек.

Eurasia Today

Последние новости