www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сулайманова Айдай Турдумаматовна 2026-жылдын 4-мартынан тартып “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун директору кызмат ордуна 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.
Айдай Сулайманова белгилүү кыргыз тарыхчысы жана археологу. Ал 1971-жылдын 5-декабрында Жыгач-Коргон айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетин аяктап, тарых жана археология адистиги боюнча бакалавр жана магистр даражаларын алган. 1998-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтунда илимий кызматкер болуп эмгектенген.
Анын илимий ишмердүүлүгү Кыргызстандын эрте доордон тартып орто кылымдарга чейинки мезгилдерге таандык материалдык маданият эстеликтерин изилдөө жана сактоого багытталган. Сулайманова Айдай ЮНЕСКО, Жапония, Франция, Египет жана башка өлкөлөрдө өткөрүлгөн эл аралык семинар, экспедиция жана тренингдерге активдүү катышып, Саймалуу-Таш, Жалтырак-Таш, Сулайман-Тоо сыяктуу тарыхый жана петроглифтик эстеликтерди документтештирүү жана сактоо боюнча илимий иштерди жүргүзүп келген.
Дайындоо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 18–20-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы №328 токтомуна ылайык жүргүзүлдү.