www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Латвиянын Рига шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) Европа боюнча аймактык комиссиясынын 32-конференциясы өттү.

Ага Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев катышты.

Иш-чаранын алкагында ал WOAHтын башкы директору Эммануэль Субейран менен жолугуп, Кыргызстан менен уюмдун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ветеринардык системаны чыңдоо жана эксперттик-консультациялык колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулады.

Жолугушууда өзгөчө көңүл Кыргызстанга жылкылардын африкалык чумасынан (АЧЛ) эркин өлкө деген расмий статус берүү маселесине бурулду.

Адилет Сотовалдиевдин айтымында, Кыргызстан 2027-жылы WOAHтын мындай расмий статусун алууну көздөп жатат. Бул үчүн тиешелүү досье уюмга кароого жана баалоого жөнөтүлгөн.

«Кыргызстан тарыхый жактан жылкылардын африкалык чумасы боюнча эпизоотиялык жактан таза өлкө болуп саналат. Расмий статусту алуу өлкөнүн ветеринардык бакубаттуулугун эл аралык деңгээлде ырастаган маанилүү кадам болот», — деди ал.

Өз кезегинде WOAHтын башкы директору Эммануэль Субейран Кыргызстанга, анын ичинде АЧЛ боюнча расмий статус алуу жол-жобосунда ар тараптуу консультативдик жана эксперттик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Расмий статус Кыргызстанга аталган оору боюнча өлкөнүн ветеринардык жактан таза экенин эл аралык деңгээлде тастыктоого, соода өнөктөштөрүнүн ишенимин бекемдөөгө жана жылкыларды жана алардан алынган продукцияларды эл аралык деңгээлде ташуу менен соодалоого кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Последние новости