www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дипломат Стивен Гиллен АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматына көрсөтүлдү. Мындай чечимди АКШнын президенти Дональд Трамп кабыл алды.

АКШнын Кыргызстандагы жаңы расмий өкүлүнүн талапкерлиги буга чейин жактыруу үчүн АКШ Сенатына жөнөтүлгөн. Стивен Гиллен — АКШнын жогорку дипломатиялык кызматындагы кеңешчи даражасындагы кызматкер.

Маалыматка караганда, ал 2021-жылдын февраль айынан 2024-жылдын июнь айына чейин АКШ президентинин барымтадагылар маселелери боюнча атайын өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. Ага чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинин Демократия, адам укуктары жана эмгек маселелери боюнча бюросунда мамлекеттик катчынын жардамчысынын орун басары болуп, Жакынкы Чыгыш, эл аралык эмгек мамилелери, коопсуздук жана адам укуктары боюнча маселелерди тейлеген.

Гиллен АКШнын Минск, Багдад жана Сараево шаарларындагы элчиликтеринде иштеген. Ошондой эле Ирактагы АКШнын башкы консулунун орун басары кызматын аркалаган.

Стивен Гиллен Аризона мамлекеттик университетинде саясат таануу, тарых жана орус тили боюнча билим алган. Ал дипломатиялык кызмат жана улуттук коопсуздук изилдөөлөрү боюнча магистр даражаларына ээ.

Белгилей кетсек, АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери өлкөбүздөгү дипломатиялык миссиясын аяктап жатат.

Последние новости