www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында жарандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн жаңы заманбап комплекс пайдаланууга берилди. Объект Көкүм-Бий көчөсү, 194–195А дарегинде жайгашкан.
Анын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Маалыматка ылайык, комплекс Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча талаптарынын алкагында курулган. Жер тилкеси Ош шаардык мэриясы тарабынан бөлүнүп, курулуш иштери Президенттин фондунун жана Президенттин Иш башкармасынын каражаттарынын эсебинен каржыланган.
Эки кабаттуу имараттын А блогунда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Ош аймактык бөлүмү жайгашты.
Бул жерде кызмат көрсөтүү «бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүргүзүлөт. Жарандар транспорт каражаттарын каттатуу, мамлекеттик номер жана айдоочулук күбөлүк алуу, ошондой эле техникалык кароодон өтүү кызматтарын ала алышат.
Мындан тышкары, комплексте 60 орундуу күтүү залы, 62 орундуу теориялык экзамен залы жана унаа лабораториясы бар техникалык кароо тилкеси каралган. Практикалык экзамендерди тапшыруу үчүн аянты 8 500 чарчы метр болгон автодром да курулган.
Ал эми Б блогунда «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борбору иштейт. Аянты 1 500 чарчы метр болгон борбордо 42 адис күнүнө 1 500гө чейин жаранды тейлей алат.
Борбордун биринчи кабатында тейлөө залы, электрондук кезек системасы, эне жана бала бөлмөсү, касса жана паспорт берүү бөлүмү жайгашкан. Экинчи кабатында архив жана VIP-зал каралган.
Жаңы комплекс мамлекеттик кызматтарды бир жерден алууга шарт түзүп, Ош шаарынын тургундары үчүн тейлөөнүн ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.