www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан келечекте футбол боюнча дүйнө чемпионаты сыяктуу ири эл аралык мелдештерди коңшу мамлекеттер менен биргеликте өткөрүүгө аракет кылышы мүмкүн.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте курулуп жаткан «Бишкек Арена» стадиону Кыргызстанга 2032-жылдан кийинки ири футболдук мелдештерди өткөрүүгө талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк берет.

Маматалиев Кыргызстан дүйнө чемпионатын өз алдынча өткөрө албай турганын, бирок коңшу мамлекеттер менен биргелешип уюштуруу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Ал буга мисал катары 2026-жылдагы дүйнө чемпионатын АКШ, Мексика жана Канада биргелешип өткөрүп жатканын айтты.

Жогорку Кеңештин төрагасынын пикиринде, мындай масштабдагы эл аралык мелдештер Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, өлкөгө миллиондогон футбол күйөрмандарын жана туристтерди тартууга өбөлгө түзөт.

Последние новости