www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков «Борбордук Азия – Корея Республикасы» (C5+1) форматындагы өнөр жай министрлеринин биринчи жыйынына катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кореянын ортосунда өнөр жай жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн негизги багыттары талкууланды.

Анын ичинде өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана өндүрүштү локалдаштыруу, минералдык чийки заттарды терең кайра иштетүү, индустриалдык парктарды жана өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды жакшыртуу, ошондой эле жаңы өндүрүштүк чынжырларды түзүү маселелери каралды.

Министр Бакыт Сыдыков Кыргызстандын өнөр жай, инвестициялык жана инфраструктуралык потенциалы тууралуу маалымат берип, 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасында белгиленген артыкчылыктуу багыттарга токтолду.

Тараптардын пикиринде, мындай кызматташтык заманбап технологияларды тартууга, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө, адистерди даярдоого жана даяр продукцияны региондук рынокторго чыгарууга багытталган жаңы өндүрүштүк экосистеманы түзүүгө өбөлгө түзөт.

Жыйындын жыйынтыгында Корея Республикасы менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн ортосунда өнөр жай жана жеткирүү чынжырлары жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Последние новости