www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 11-сентябрында Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Катчылыгында Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын жыйынтыктарына арналган брифинг өттү.

Иш-чараны Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Актилек Мусаева жана ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев өткөрдү.
Брифингге Кытайда аккредитацияланган ШКУга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, ШКУга мүчө мамлекеттердин Катчылыктагы туруктуу өкүлдөрү жана Уюмдун Катчылыгынын кызматкерлери катышты.

ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев 2026-жылдын 31-августу – 1-сентябрында Бишкекте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары жана Кыргызстандын 2025–2026-жылдардагы төрагалыгы тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Актилек Мусаева Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында аткарылган иштерге жана артыкчылыктуу багыттарга токтолду. Ошондой эле ШКУнун 25 жылдыгына, Бишкекте өткөн саммитке жана Уюмдун алдыдагы милдеттерине өзгөчө көңүл бурду.

Элчи Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланганын, ошондой эле акыркы мезгилде Кыргызстанга чет мамлекеттердин лидерлеринин жасаган мамлекеттик жана расмий сапарларын белгиледи.

Мындан тышкары, катышуучуларга Кыргызстанда сентябрь айынын башында өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берилди.

Актилек Мусаева ошондой эле 2027-жылдын октябрь айында Кыргызстанда «Бишкек+25» Экинчи Дүйнөлүк тоо саммити өтөрүн айтып, ШКУга мүчө мамлекеттерди жана өнөктөштөрдү иш-чарага активдүү катышууга чакырды.

Брифингдин соңунда Кыргызстандын элчиси ШКУга 2026–2027-жылдары төрагалык кылган Пакистандын Кытайдагы Элчиси Х. Хашмиге Уюмга төрагалык кылууда ийгиликтерди каалады.

Последние новости