www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илим министри Гүлзат Исаматова Кыргызстан Россиянын ЖОЖдорунан дагы 300 гранттык орун сураганын "Евразия – салттуу баалуулуктардын аймагы" деп аталган форумда билдирди.
Министр буга чейин 700 орун бөлүнгөнүн эске салып, жакында Жогорку Кеңештин төрагасынын сапарында кыргыз тарап Россиянын билим берүү жана илим министрине орус тили мугалимдерин даярдоо үчүн квотаны көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылганын эске салды.
"Бул жаштарыбыздын Россиянын ЖОЖдорунда билим алууга кызыгуусу жогору экенин дагы бир жолу тастыктайт. Орус тили Евразия мейкиндигинде илимий-техникалык процесстерге интеграцияланууга, заманбап көйгөйлөргө ыңгайлашууга жана бул мейкиндикте өз ордун табууга кеңири мүмкүнчүлүк берет", - деди Исаматова.