www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арасыз кабарчылар эл аралык уюму дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги боюнча жаңы рейтингинди жарыялады. Анда Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча 50 тепкичке төмөндөп, 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга түштү. Былтыр 72 орунда болчу. 

Жаңыланган рейтинг бүгүн, 3-май Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата жарыяланды.

Кыргызстанданы сөз эркиндигинин 50 тепкичке төмөндөп кеткенинин себеби катары: "Аткаминерлер акыркы жылдары цензураны күчөтүп, басма сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды жарыялоого аракет кылышкан. 2020-жылдагы ийгиликсиз аракетинен кийин президент Садыр Жапаров 2021-жылы Конституцияны, ошондой эле эл аралык келишимдерди бузган жана басма сөз эркиндигин чектеген «жалган маалыматтын» жайылышын чектөө боюнча мыйзамга кол койгон. Мындан тышкары, аткаминерлер чет өлкөдөн каржылык колдоо алган көз карандысыз маалымат каражаттарын «чет элдик агент» деп таануу боюнча мыйзам долбоорун киргизүүнү демилгелөөдө» , — деп айтылат уюмдун маалыматында.

Рейтингде көрсөтүлгөндөй, өлкөдөгү коррупциянын жогорку деңгээли боюнча иликтөө иштеринин жүргүзүлүшүн коомчулук колдойт, бирок журналисттер тараткан сын пикирлерди, демократиялык идеяларды көпчүлүк эл колдобойт.

Бул тууралуу: «Көз карандысыз ЖМКлар бийликти сындап, өзгөчө каралоо үчүн дайыма айыпталат. Кээде алар коррупция тууралуу макалаларды жарыялагандан кийин киберчабуулдарга кабылат. Иликтөөчү журналисттер митингдер менен демонстрациялардагы кабарчылар сыяктуу эле зордук-зомбулуктун бутасы болуп саналат» , — деп белгиленет.

Жалпысынан рейтингге кирген 180 өлкөнүн 31инде басма сөз эркиндигинин абалы «өтө оор» деп белгиленди.

42 өлкөдө абал «оор», 55инде «көйгөйлүү», 52 өлкөдө «жакшы» же «канааттандырарлык». Башкача айтканда, дүйнөдөгү он өлкөнүн үчүндө гана журналисттердин иштөөсү үчүн канааттандырарлык шарттар түзүлгөн.

Норвегия басма сөз эркиндиги боюнча рейтингдин башында турат. Кийинки орундарда Ирландия, Дания, Швеция, Финляндия, Нидерланды, Литва жана Эстония турат.

Орусия 164-орунда, Беларусия — 157-катарда, Өзбекстан 137, Тажикстан 153, Казакстан 134-орунда, Түркмөнстан 176-катарда.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости