www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылдын эң маанилүү окуяларынын бири – бул калкты жана турак жай фондун каттоо, ал эртең, 25-мартта башталып, 2-майга чейин созулат. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, калкты каттоого даярдык көрүү боюнча республикалык комиссиянын төрагасы Арзыбек Кожошев билдирди.
Анын айтымында, калкты каттоо 10 жылда бир жүргүзүлөт. “Тарыхта Кыргызстандагы биринчи эл каттоо 1999-жылы, экинчиси 2009-жылы жүргүзүлгөн. Аталган схемага ылайык, үчүнчү эл каттоо 2019-жылы өткөрүлүшү керек эле, бирок дүйнөлүк пандемиядан улам кийинкиге жылдырылган”, - деди Кожошев.
Сөзүн улай, ал - эл каттоо мамлекет үчүн социалдык, экономикалык жана саясий чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
Булак: NazarNews.kg