www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин антикризистик чаралар жөнүндө жыйынында Баткенден коңшу өлкөгө бир эле килограмм азык-түлүк чыгып кетсе, катуу чара көрөөрүн эскертти. Ал Бажы кызматы, УКМК, ИИМ, Салык кызматы биргеликте Баткендеги чек араны дыкат көзөмөлдөө керек деген  тапшырма берди.

"Бардык азык-түлүктү азыр ошол жакка насос сыяктуу тартып кетип атышат. Бир дагы килограмм ун, май, кумшекерди өткөрбөш үчүн чек арага тирүү калкан болуп тургула! Бул — эң негизги тапшырма. Эгер бизден азык-түлүк коңшу өлкөгө чыгып кете турган болсо... Азыр ал жакта ундун, кумшекердин баасы биздегиден 1,5 эсе кымбат, май такыр эле жок. Андыктан алар Кыргызстандан алып алууга камынып жатат. Өз кызматкерлериңерди тирүү калкан кылып койгула, бир килограмм дагы азык-түлүк өтпөсүн!" — деди Ташиев.

Ошондой эле, ал өзгөчө Түштүк бажыдагылар контрабанда боюнча өтө чабал иштеп жатат деп, аларды сындады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости