www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевге жасалган мамиле бул - адамкерчиликке жатпайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Урматтуу калайык! Мен түшүнбөй калдым. Президентибиз Садыр Жапаров - мен баардыгын кечирдим деген. Ага бирөөлөр бут тосуп жатышабы? Жаманаты кылып жатышат.

Жаманбы, жакшыбы, Атамбаев өлкөнү башкарган. Биринчи орунда кыргыз ал. Адам ал. Уят. Мыйзамсыздык. Ким күнөөлүү болсо, жооп берсин мыйзам алдында. Бийликти, абамы жаман көргөзүп бүттүңөр. Ким кылса да, жооп берсин», - деп жазган.

Эске салсак, кечээ, 23-мартта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Биринчи май райондук сотко алып келишип, бирок ал автоунаадан чыгуудан баш тарткан. Анын жактоочусу - Атамбаевди №47 абактагы камерадан футболкачан жана ич кийимчен күчтөп алып чыгышып, күзөтүп жеткире тургандарга тапшырышканын айткан.

15-мартта Жогорку Сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 11 жылга эркинен ажыраткан буга чейинки сот өкүмүн күчүндө калтырган чечим чыгарган. Биринчи май райондук соту 2020-жылдын июнь айында Атамбаевди ал иш боюнча 11 жыл эки айга кескен. Бишкек шаардык соту бир айдан кийин райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости