www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең өлкөдө өсүмдүк май калбай калса, керт башыңар менен жооп бересиңер. Министрлер кабинетинин төрагасынын күч түзүмдөрү боюнча орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев үч министрге катуу тапшырма берди.

Ал бүгүн өкмөттүн антикризистик чаралар жөнүндө жыйынында сүйлөп, министрлердин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо тууралуу иштерин сынга алды. "Келгиле, асмандан жерге түшөлү... Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун толугу менен камсыздай алаарыбызды элге дароо жеткириш керек. Кандай жол менен? Иш-чаралардын планын даярдагыла, себеби өлкөдө тартыштык жок экенин ар бир адам билиш керек.

Каржы министри, экономика жана коммерция министри, өзгөчө кырдаалдар министри, керт башыңар менен жооп бересиңер. Бизде канча ун, май, кумшекер бар, каяктан алса болот, пландар тууралуу айтыла. Алдын ала иштегиле, балдар! Эртең май жок калды деп отурбайлы.

Буга ким жооптуу болсо, күн мурунтан келишимдерди түзүп, бардык өнөктөштөрүңөр менен иштегиле. Эгер азык-түлүк коопсуздугу тууралуу кандайдыр бир маселе жаралса, ушул үч министр керт башыңар менен жооп бересиңер! Тынымсыз кыймылдагыла, чыккыла, иштегиле!" — деп кайрылды Ташиев.

Ошондой эле, ал мындай тынч эмес кырдаалда өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо эң негизги маселе экенин белгилеп, башкасын акырындык менен чечсе болоорун айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости