www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстандын базар ээлери соода жайларын ижарага берүүдөн 1 млрд 120 млн 166 миң сом киреше табышты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул мезгил аралыгында республика боюнча 335 базар болсо, аларда соода жүргүзүү үчүн 78 миң 832 пункт бөлүнгөн, бирок анын 70 миң 602си сатуучулар тарабынан ижарага алынган. Базарларда соода кылгандардын көбү 57 миң 63 соода аянтын ижарага алган жеке ишкерлер.

Республика боюнча бир жерди ижарага алуунун орточо баасы суткасына 117 сомду түздү. Базарды пайдалануу үчүн эң жогорку төлөм Бишкек шаарында катталган – орточо эсеп менен күнүнө 292 сом, ал эми эң азы Талас облусунда – орточо эсеп менен 54 сом.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости