www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Газпромдон орус газына арзандатууну суранды

Түркия орус газына арзандатууну талап кылып, Газпромдон төлөмдөрдү кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгүн сурады. Бул тууралуу 25-октябрда республиканын каржы жана казына министри Нуреддин Небати билдирди.

Анын айтымында, Анкара Москвадан чоң көлөмдөгү газ сатып алып, арзандатуу маселеси боюнча да, төлөм маселеси боюнча да «жакшы кабарды» күтөт, деп жазат Financial Times.

15-сентябрда Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак Орусия Түркияга газдын көлөмүн көбөйтүүнү кааласа, орусиялык газды көбүрөөк берүүгө даяр экенин билдирди. Учурда «Газпром» республикага 26 миллиард куб метрге жакын газ берип жатат. 

Сентябрь айында Bloomberg агенттиги түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин газдын баасы боюнча сүйлөшүүсү тууралуу жазган. Түрк лидери Москвадан көгүлтүр отунга арзандатууну суранды. Ошол эле маалда Эрдоган Түркия Орусия Федерациясына каршы санкцияларды киргизбегендиктен анын өлкөсү Орусиядан газ алып келүүдө көйгөйлөр жок экенин баса белгиледи. Бир нече күндөн кийин Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Донмез орус газынын 25%ын рубль менен төлөө келишими жакын арада күчүнө кирерин жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости