www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү жана уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов бүгүн, 25-октябрда маалымат жыйын өткөрдү. Ал комитеттин бийликти алмаштыруу ниети болбогонун айтты:

"Кемпир-Абадды коргоо комитетинин бийликти күч менен басып алуу аракети, башаламандык кылуу жана башка аракеттер же чакырыктар болгон эмес. Ал жерде Өзгөндө өткөн Курултайдын чечими талкууланган. Мен курултайдын талабына ылайык, коргоо комитетин түзөлү деген сунуш киргизгем. Бекназаров жалпы Курултай өткөрүүнү сунуш кылды. Дагы бир сунуш - президентке кат жазып, Кемпир-Абад маселесине мораторий киргизип, сүйлөшүүнү токтото туруу болду", -деди.

Мамбетжунус Абылов социалдык тармактарда өзү тууралуу "оппозициялык саясатчыларды жана активисттерди атайын чакырып, бийликке салып берген" деген айыптоолорду четке какты. Ал комитет түзүүгө чогулган адамдардын тизмесин да журналисттерге таратты.

Абылов "Кемпир-Абадды коргоо" комитетин түзүү аракетин бийлик өзүнө жагымсыз адамдарды камоо максатында колдонду деген пикирин да кошумчалады. Ал камалгандар арасында жыйынга катышпаган, комитетке мүчө болбогон адамдар бар экенин белгиледи.

"Канат Исаев да чакырылган, бирок жыйынга келген эмес. Аны да кармап, камап койду. Бирок бүгүнкү камалып отургандар жер үчүн абакта отурушат, алардын эрки күчтүү", - деди Абылов.

Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.

Кеңешбек Дүйшөбаев, Эрлан Бекчороев, Айданбек Акматов, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Азимбек Бекназаров, Айбек Бузурманкулов, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Чыңгыз Капар, Али Шабдан уулу, Талант Эшалиев, Кубанычбек Кадыров 48 саатка камакка алынышкан.

24-октябрдан 25-октябрга карган түнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды.

Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова менен Улукбек Маматаев 20-декабрга чейин камакта калтырылды.

Ал эми, активист Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети 22-октябрда түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде, Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости