www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 9-сентябрда үч жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы күбөлөндүрөт.
Алгачкы жер титирөө саат 11:54тө катталган. Жер титирөөнүн очогундагы күчү 3 баллга жакын болгон. Очогу Орто-Сырт айылынан 20 чакырым түштүк-батышта, Баетов айылынан 37 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө калк тарабынан сезилген эмес.
Экинчи жер титирөө саат 22:37де катталып, очогундагы күчү 3 баллга жакын болгон. Очогу Жаны-Талап айылынан 11 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 31 чакырым батышта жайгашкан. Көк-Жар, Жаны-Талап жана Ак-Кыя айылдарында жер титирөөнүн күчү 2 баллга жеткен.
Үчүнчү жер титирөө саат 23:03тө катталган. Анын очогундагы күчү 3,5 баллды түзгөн. Жер титирөө Жаны-Талап айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 31 чакырым батышта болгон.
Көк-Жар, Жаны-Талап жана Ак-Кыя айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга, Үгүт, Ак-Тал, Кадыр-Алы, Сары-Иймек, Кара-Ой жана Байгенчек айылдарында 2,5 баллга жеткен.