www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2027-жылдан тарта Жалал-Абад электр тармактар ишканасына Корея Республикасынан гранттык негизде 120 миң акылдуу эсептегич берилет. Алар калкка акысыз орнотулат. Бул тууралуу кореялык адистер менен болгон жолугушууда айтылды.
Жолугушууда электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган системасын (АСКУЭ) киргизүү, заманбап эсептегичтерди орнотуу жана долбоорду ишке ашыруунун техникалык маселелери талкууланды.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдан бери Жалал-Абад электр тармактарынын тейлөө аймагында 106 миң АСКУЭ эсептегичи орнотулган. Быйыл Токтогул жана Ноокен райондорунда дагы 44 миң эсептегич орнотуу иштери жүрүп жатат.
Кореядан берилүүчү 120 миң акылдуу эсептегич Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондоруна, Таш-Көмүр шаарына, ошондой эле Көк-Арт жана башка тиешелүү райондук электр тармактарына этап-этабы менен орнотулат.
АСКУЭ системасы электр энергиясынын керектөөсүн так аныктоого, көрсөткүчтөрдү автоматтык түрдө алууга, эсептешүүлөрдүн ачыктыгын камсыз кылууга жана электр тармагын натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берет.
Кореялык делегация эсептегичтер орнотула турган объектилер менен жеринен таанышып, тараптар долбоорду ишке ашырууда мындан ары да тыгыз кызматташуу боюнча макулдашты.