www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанды совет учурунда улуу жүз Динмухаммед Кунаев отуз жылдай, ортодо Колбин деген 1986-жылдагы Желтоксан көтөрүлүшү учурунда казак жаштарын жок кылып кеткен адамдан кийин улуу жүз Назарбаев отуз жылдай жетектеди. Кунаевди жектеп жүрчү Назарбаев өзү да ошого дуушар болду. Ал президенттикти улуу жүз Токаевге өткөзгөн соң Казакстанды бийлөөнү уланта берип, 2022-жылдын январь айындагы башаламандыктан соң мамлекетти чеңгээлдеп турган ээринен жылмышкан. Демек, Токаевдин «Өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деп турган учурдагы Кыргызстанга жасаган бул биринчи иш сапары болуп калды. Назарбаев Кыргызстандын президенти менен куда да болгон. Бирок кыргыз жигити казак кызын чанып кеткен соң, Кыргызстанды Казакстандын бир облусуна теңеп, Өзбекстандын президенти Каримов менен 2005-жылдын мартындагы ыңкылаптан соң  Кыргызстанды бөлүп алуу боюнча ортого Жириновскийди салып, элге «кара пиар» уюштурушкан. Эми Каримов да жок, Жириновский да жок, Назарбаев болсо алдан-күчтөн тайды.

Казакстанда жыл башында кырдаал 2011-жылы Назарбаевдик бийлик тарабынан атылган Жаңы-Өзөн шаарында газдын баасын түшүрүү тууралуу талап менен башталган. Жаңы жылдан баштап бийлик жүргүзүп жаткан реформалардан улам баа эки эсе кымбаттап кеткен. Бааны өкмөт эмес, эркин рынок чечип калган. Газ – Казакстандын батышы үчүн өтө орчундуу тема болгон, себеби ал жакта авто унаалардын 90 пайызы жана үй чарбачылыгынын 70 пайызы газды колдонушат.

3 - январда Жаңы-Өзөндөн башталган бул кырдаал соц тармактар аркылуу бүтүндөй өлкөгө тараган. 2019-жылы Кытайга каршы чыкканда да бүтүндөй мамлекетке тарап кеткен. Оор кырдаалдардын чыгышына негизги себеп акыркы мезгилдерде казак коомчулугу кымбаттоолордон улам алсырап бараткан. Официалдуу инфляция: 2020-жылы 7,5% болсо, 2021-жылы 8,9% жеткен.  Азык- түлүктөр андан бешбетер кымбаттаган.

Ички миграция  борбору Нур-Султанда, эксборбор  Алматыда күчөгөн. Ошондуктан Алматы каршылык көрсөтүүнүн борборуна айланган. Алматыда жаштар, студенттер көп, алар Кыргызстанда алтынчы президенти менен жашап жатышат деп кыйкырып жүрүшөт. Президент Токаев Жаңы-Өзөндүктөрдүн оозун жапкыча Алматыда катуу каршылык көрсөтүү башталып кетти. Шаарда күч органдарына каршы чыгышып, мародерчулук күч алып кетти. 

Андан соң интернетти кайра-кайра өчүрүшүп, бул кезде Алматыда курал дүкөндөрү тонолуп,  супермаркеттер, банкоматтарга мародерчулук жүрүп, машиналар өрттөнүп, аскердик уралдар тартылып алынды. Митингчилер акимат, прокуратура, телеканалдарды жана башка тиешелүү жайдарды басып алышып, талкалап, өрттөп жиберишти. Алматынын аэропорту жа бир нече саат булардын колунда болду.  Машинанын багаждарынан автоматтар таратылып, өлгөн кишилердин да саны артты.

6-январга караган түнү Чымкентте топтошкон адамдардын полиция кызматкерлерине куралдуу кол салуусунан кийин аларга каршы курал колдонуу чечими кабыл алынып, жыйынтыгында 20 киши каза болгон. Мындан тышкары Жамбыл облусунда "500 кишиден турган куралдуу топко" жооп катары ок атылган маалда 11 киши өлгөн. Казакстанда быйыл январдын башында суюлтулган газды арзандатуу талабы менен башталган нааразылык акциялары бардык шаарларда жалпы улуттук демонстрацияларга айланган. Кийин тынч митингдер башаламандыкка айланып, кан төгүлгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, ал окуяларда бери дегенде эле 230 киши өлгөн. Мындан тышкары дагы сегиз киши убактылуу кармоочу жайларда көз жумганы кабарланган

Президент Токаевдин билдирүүсүндө радикалдар кошулуп алар сырттан каржыланып жатканын айткан. Ошондуктан ал митингчилерге каршы ок атууну 7-январда буюрган. Казакстандын бийлиги мындай башаламандыкты өз күчү менен баса албасын түшүнүп ЖККУ (ОДКБ) жардам сурап кайрылды. 6-январда ЖККУ макулдугун берди. Көп убакыт өтпөй ЖККУнун аскер күчтөрү Казакстанга кире баштаган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы 7-январда телеканалдар жана интернет сайттар аркылуу кайрылуу жасап, өлкөдөгү соңку кырдаал боюнча маалымат берген. Ал өлкөдө "антитеррордук операциялар уланып жатканын", полициянын, Улуттук гвардиянын жана армиянын күчтөрү менен масштабдуу аракеттер жүрүп жатканын маалымдаган. Жалпысынан кырдаал турукташып калганын, конституциялык мыйзамдуулук калыбына келип жатканын айткан: “Бирок, террорчулар мамлекеттик жана жеке менчик мүлккө дагы деле зыян келтирүүдө, жарандарга карата курал колдонуусун улантууда. Ошондуктан укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук бердим. Чет жакта тургандар тараптарды тынчтык жол менен сүйлөшүп чечүүгө чакырыктар айтылып жатат. Кандай акылсыздык! Кылмышкерлер жана киши өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн? Биз чет элдик жана жергиликтүү куралдуу жана атайын даярдыктан өткөн башкесерлер менен кармашып жатабыз. Бандиттер жана террорчулар. Ошондуктан аларды жок кылыш керек. Бул жакын арада толук аткарылат”,-деген ал.

Токаев ошондой эле ЖККУнун алкагында жардам көрсөтүп жатканы үчүн Армениянын премьер-министрине, Орусиянын, Кыргызстандын, Беларустун жана Тажикстандын президенттерине ыраазычылык билдирген: “Жашырынып жаткан жоочулардын топтору даярдыктарын мамлекет кантип “уктап” билбей калганынын сөзсүз аңдашыбыз керек. Алматынын өзүндө эле 20 миң бандит кол салды. Алардын дээрлик бардык облустардагы аскердик, административдик жана социалдык объектилерге карата акциялары так даярдыкта жүргөнүн, башкарылып турганын, жогорку чабуулдук даярдыкта жана зомбулук менен жүргөнүн көрсөтүүдө. Жоочулардан сырткары идеологиялык диверсия, дезинформация же “фейктер” менен алектенген же элдин маанайын манупуляциялаган адистер иштеди. Сыягы, даярдык жана жетектөө менен бирдиктүү командалык пунктта жүргүзүлгөн”,-деп айтылган президенттин сөзүндө.

Мунун алдында Казакстандын Ички иштер министрлиги атайын операция учурунда 26 “куралдуу адам” өлтүрүлгөнүн, 18 адам жаракат алганын маалымдаган. Ага чейин, 7-январдын таңында президент “контртеррордук штабдын" жыйынын өткөргөн. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген. натыйжада Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери киришкен.

 

Алматыда январь окуяларына байланыштуу сотко түшкөн 82 кылмыш ишинин жарымы боюнча өкүм чыккан. Кеп соода борборлорундагы товарларды уурдоо жөнүндө болуп жатат. Соттор өкүм чыгарар алдында күнөөнү моюнга алуу, өкүнүү жана материалдык зыянды өз ыктыяры менен төлөп берүү сыяктуу жагдайларды эске алган. Өкүмдөрдө көбүнчө эки жылдан төрт жылга чейин пробациялык көзөмөлдүн негизинде эркин чектөө жазасы колдонулган. Мындан тышкары соттологондордун айрымдарына коомдук жумуштарга тартуу жазасы чегерилген.Жарандар негизинен соода борборлорунан техника, телефон, ноутбук уурдашкан. Алардын көбү жумушсуз жаштар, Алматы облусунун тургундары жана шаардын четинде жашагандар эле. Бүгүнкү күнгө карата курал-жарак сактаган кампадан курал уурдоо же тартып алуу айыбы менен эки киши соттолду. Башкы прокуратура Казакстанда январь окуялары боюнча 62 кишиге өкүм чыкканын кабарлаган. Атайын прокурорлор кызматынын башчысы Ризабек Ожаров канча өкүм чыкканын, кандай жаза берилгенин так айткан эмес. Мекеменин маалыматы боюнча сотко 162 айыпталуучунун үстүнөн козголгон 101 кылмыш иши жөнөтүлгөн.

Казакстандын Башкы прокуратурасы тергөө учурунда күч колдонуу айыбы менен тогуз кызматкер кармалганын маалымдаган. Кийинчерээк Талдыкорганда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин эстелигин бузганы үчүн камалган Азамат Батырбаевге кыйноо колдонууга шектелген адам кармалганы белгилүү болгон.Январь окуялары учурунда миңдеген киши кармалып, жүздөгөн адам терроризм, жапырт башаламандык, курал-жарак уурдоо шеги менен камалган. Кийин алардын көбү тергөө абагында кыйноого кабылганын билдиришкен.

10-январда Казакстандын президенти Токаев чет элдик «боевиктер», алардын арасында ооганстандык  талибандар, жакынкы чыгыштагы арабдар Борбордук Азиядагы өлкөлөр аркылуу киришип башаламандыктарды уюштурушкан деген. Талибанчылардын маалымат министринин орун басары Забихулла Муджахид орус маалыматчылары тарабынан бул маалымат байма-бай жүргүзүлүп жатканын, талибандар башка мамлекеттин ички иштерине кийлигишпей турганын айтып чыкты.

Алаамат учурунда Алматыда террористтерди терип көмгөн көр табылган. Өлүкканадан (морг) белгисиз адамдар уурдап, жашыруун өзүнчө көмүшкөн 41 жоочулардын (боевик) денеси табылды. Эмне үчүн алар жашыруун көмүшкөн, себеби буларды денесинен улуту башка экени билинип, террористтик маанайда Казакстанга келишкени билинип калмак. Канат Таймерденовдун  Telegram-каналынын билдирүүсүнө таянсак башаламандык учурунда жети жолу өлүкканаларга кол салуу болгон. Өлүкканаларга жеткизбей дагы канча  жоочулардын денелери жашырылган? Январь иштери боюнча 695 кылмыш иштери ачылган. Бул ызы-чууда 4578 адам жапа чегип, 225 адам жок кылынган, алардын ичинде 19 милиция кызматкерлери. БУУнун билдирүүсүндө миңдеген адам жарат алган.

Январь окуялары маалындагы башаламандыктарга катышкандардын ар бирине 20 доллардан 100 долларга чейин төлөп беришкен. Мындан тышкары Жамбыл облусунун тургуну Телеграм-каналы аркылуу адамдарга баррикадаларды орнотуу, "Молотов коктейлдерин" даярдоо, күч түзүм кызматкерлерине каршылык көрсөтүү жана имараттарды басып алуу боюнча нускамаларды берип турганы аныкталды. Казакстанда жыл башында болгон башаламандыктар бирдиктүү пландын негизинде ишке ашкан. Алматыда Талдыкоргондогу башаламандыктардын катышуучуларын каржылаган, ошондой эле жарандардын мүлкүнө зыян келтирүүгө жана мамлекеттик объектилерди басып алууга салым кошкон эки киши кармалды. Өлкөнүн башка аймактарындагы окуялар да бирдей сценарийде өнүккөн. Кылмыш иштеринин анализи башаламандыктар болгон башка аймактардагы окуялар да окшош сценарийде өнүгүп, бирдиктүү башкарууда болгонун көрсөтүүдө. Булардын баары жалпы бир план болгонун аныктап турат. Казакстандын Алматы шаарына январдагы башаламандыктарга катышуу үчүн кайсы өлкөлөрдөн жанкечтилер барганы айтылды. Согушкерлердин арасында Кытай, Өзбекстан жана Сауд Арабиядан чыккандар бар. «Акикат» комиссиясы ушинтет. «Акикат» комиссиясы январдагы окуялардан кийин Казакстандагы көз карандысыз юристтер түзүп жыл башындагы башаламандыктарга иликтөө жүргүзүп жатышат. Юристтердин маалыматы боюнча, учурда Алматыда эле бул жаңжалга байланыштуу деп кармалган 308 адам камалган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости