www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын министрлер кабинети менен Мальдив Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу тууралуу макулдашуу 20-августтан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Келишим эки өлкөнүн аймагына кирүү, чыгуу, транзиттик жана 30 күнгө чейин убактылуу жүрүү үчүн визалык талаптардан бошотууну карайт.

Эске салсак, КР министрлер кабинети менен Мальдив өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости