www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын делегациясы Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Кеңешинин кырк бешинчи жыйынына катышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
2026-жылдын 3-апрелинде Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Пакистан Ислам Республикасынын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Кеңешинин кырк бешинчи жыйыны өттү.
Кеңешке КР УКМКнын төрагасынын орун басары - Терроризмге каршы күрөшүү борборунун директору, генерал-майор Эрбаев Алишер Ташбаевич жетектеген делегация катышты.
Иш-чарада Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарынын делегациялары жана ШКУнун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Аткаруу комитетинин өкүлдөрү болду.
Кеңештин жыйынында аймактык коопсуздук жаатындагы эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешине сунуштоо үчүн ШКУнун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчеттук документтер макулдашылды.
Аны менен катар иш-чаранын жүрүшүндө ШКУнун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Кеңешинин мурда кабыл алынган чечимдерин аткаруунун жүрүшү, 2025-жылы адистештирилген эксперттик топтордун иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жыйынтыктары жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жана ШКУнун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Аткаруу комитетинин 2025-2027-жылдарга карата терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча ишинин жыйынтыктары каралды.
ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен терроризмге каршы машыгууларынын жана 2025-жылы жүргүзүлгөн маалыматтык операциянын жыйынтыктары жөнүндө маалымат бекитилди, ошондой эле 2026-жылы ШКУнун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн иш-аракеттеринин алкагында бир катар уюштуруу иш-чараларын өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Кеңеш эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн жана радикалдашуу процесстерин кошо алганда, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу үчүн кошумча механизмдерди иштеп чыкты.
Ошондой эле, 2025-жылдын сентябрь айында Тяньцзинь шаарында (Кытай Эл Республикасы) өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча универсалдуу борборду түзүү жөнүндө келишимди практикалык ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду, анда ШКУнун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн базасында жаңы түзүмдү түзүү, анын курамына Ташкент шаарындагы Маалыматтык коопсуздук борборун жана Бишкек шаарындагы Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун киргизүү каралган.