www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
36 миңден ашык бала биринчи класска катталды. Бул маалымат 1mektep.edu.gov.kg ачык маалыматтар порталында жеткиликтүү болууда.
Бишкек шаарында болжол менен 7 миң 200 бала кабыл алынган. Алардын ичинен 2 миң 800 орун кыргыз тилиндеги класстарда, ал эми 4 миң 400гө жакыны орус тилиндеги класстарга кирди.
Борбор калаадагы эки мектепте, № 61 жана 20 мектептерде биринчи класска каттоо жабылды.
Бишкек шаарында дагы 19 миң 300 орун бар.
Белгилей кетүүчү нерсе, республиканын түштүгүндө өзбек жана тажик тилиндеги класстарга да кабыл алуу жүрүп жатат.
Биринчи класска онлайн каттоо 1-апрелде башталды. 2019 жана 2020-жылдары төрөлгөн балдар катталууда.
Биринчи этапта ата-энесинин (же мыйзамдуу камкорчусунун) тиешелүү мектептин кичи районунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынат. Экинчи этап, жашаган жери боюнча каттоодо турбагандар үчүн, 1-июнда башталат.