www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандардан 11-февралдан тарта Кыргызстанга киргенде ПЧР-тесттин анализинин жыйынтыгы талап кылынбайт.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы мындай чечим 10-февралда өкмөттө коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабдын кеңешмесинде кабыл алынганын билдирди.

Мындан ары Кыргызстанга кирген учурда жарандар ПЧР-тест тууралуу маалымдаманы, же эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты көрсөтүшү керек.

Эске салсак, Кыргызстан былтыр 1-декабрда өлкөгө киргендердин бардыгын эмделгенине карабай ПЧР-тесттен өтүүгө милдеттендирген. Мындай чектөөлөр коронавирустун “омикрон” штаммынын жайылышына байланыштуу киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости