www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын аскер соту өлкөнүн мурдагы коргоо министрлери Вэй Фэнхэ менен Ли Шанфуну коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, эки жылдык мөөнөт менен өлүм жазасына кести.
BBC News маалымдагандай, Вэй Фэнхэ пара алган деп айыпталса, Ли Шанфу пара алуу жана берүү боюнча күнөөлүү деп табылган.
Өкүмгө ылайык, эки жылдык мөөнөт ичинде күнөөлүүлөр жаңы кылмыш жасашпааса, жаза өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылат жана мөөнөтүнөн мурда бошотуу каралбайт.
Кытайдын «Синьхуа» агенттиги билдиргендей, эки мурдагы министр өмүр бою саясий укуктарынан ажыратылып, мүлкү конфискацияланат.
Вэй Фэнхэ Кытайдын Коргоо министрлигин 2018–2023-жылдары жетектеген. Ли Шанфу бул кызматка 2023-жылдын мартында келип, ошол эле жылдын октябрында кызматтан алынган.
Reuters агенттиги белгилегендей, Кытайда коррупцияга каршы кампания 2012-жылы Си Цзиньпин бийликке келгенден кийин күчөгөн. Анын алкагында куралдуу күчтөрдөгү тазалоо негизги багыттардын бири болуп калды.