www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШ президенти Жо Байдендин чакыруусу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүү жана Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтыгынын (АТЭС) Лидерлеринин 30-формалдуу эмес саммитине катышуу үчүн АКШга барат. Бул тууралуу дипломатиялык департаменттин расмий сайтында жарыяланган Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

Маалым болгондой, эки лидер Кытай-АКШ мамилелери үчүн принципиалдуу мааниге ээ болгон аспектилер боюнча терең пикир алмашышат. Мындан тышкары, Кытай менен Америка Кошмо Штаттарынын башчылары дүйнөлүк масштабда тынчтык жана өнүгүүгө байланышкан маанилүү маселелерди талкуулашат.

“Си Цзиньпиндин АТЭС саммитине катышуусуна келсек, бул Пекин Азиядагы эл аралык кызматташтыкка чоң маани берип жатканын чагылдырат. Дүйнөлүк экономика туруксуздукка туш болуп турган учурда Азия-Тынч океан аймагы (AТР) глобалдык өсүштүн локомотиви болуп кала алат, деп белгиледи Кытайдын Тышкы иштер министрлиги.

АТЭС Азия-Тынч океан аймагындагы экономикалык кызматташтыктын негизги платформасы болуп саналат. Алдыдагы саммитте Си Цзиньпин сөз сүйлөп, Кытайдын аймактык жана глобалдык өсүштү стимулдаштыруу боюнча сунуштарын баяндайт,

“Кытай тарап саммиттин бардык катышуучулары тилектештикти жана кызматташтыкты өнүктүрөт жана анын оң натыйжасын биргелешип камсыздайт деп күтөт. Бул Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү жана бүтүндөй дүйнөдөгү өсүшкө жаңы түрткү бериши керек”,- деп белгиледи Кытайдын Тышкы иштер министрлиги.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости