www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан көз карандысыздыкты алган соң каалагандай чалчаңдады. Батыштын тилин алып ПЕСАК деген мыйзамдын негизинде Кыргызстандын өнөр жайын түгөл түгөттү. Бир гана айыл чарбасында жүргүзүлгөн реформалар элеттиктердин кандайдыр бир пайызын сактап кала алды. Ал кезде АКШ менен да, Орусия менен да мамилени түзө берсе жарашмак. Ошондуктан 2001-жылы 11-сентябрда АКШда террористтик жардыруу болгон соң, Ооганстанга каршы «Манас-Ганси» авиабазасын «Манас» аэропортуна жакын жайгаштырган. Азыр болсо ал-ахыбал башка.
Кийинчерээк орус бийлигине Бишкектеги американын «Ганси» аскер базасы жаккан эмес. Көптөр Бакиевдин бийликтен кетирилишин, анын Орусия жетекчилигине мурда берген экен деп айтылган кайсыл-бир убаданы бузуп койгонуна байланыштырышат. Акаевдин тушунда база Кыргызстанга жылына 2 млн доллар төлөчү. Бакиев бийликке келген соң, бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, америкалыктардын аренда үчүн гана, Кыргызстанга бул түзүм иштеп жатканына байланыштуу башка кошумча түшкөн кирешелерди эсепке албаганда, жылына 60 млн доллар төлөөсүнө жетишкен. Албетте, «Манас» аэропортунун аймагында АКШнын базасы, ал эми Кантта орусиялык аскердик база турганы жөнүндө суроо ар кандай өнүттө апыртылып айтылып жүрдү. Ошондуктан, Орусия жетекчилиги тараптан нааразычылыктар болуп келген: көп чоң кызматтагы адамдар ишарат кылуу аркылуу, кээде ачык эле бул америкалык базаны чыгаруу керек, анын бул жерде турушу Кыргызстандын стратегиялык кызыкчылыктарына туура келбейт деген сыяктуу сөздөрдү айтышчу. Бийлик бул темада Дмитрий Анатольевич Медведев жана Владимир Владимирович Путин менен бир нече жолу сүйлөшкөн.
Акыры аягында, бул базаны чыгаруу зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынган. Өкмөт аны чыгаруу жөнүндө токтом кабыл алган. Бирок, бийлик муну жасагандан кийин бир-эки күн өтпөй эле, Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү өз аймагын АКШнын жүк ташуусу үчүн берүүгө даяр экендиктерин айтып чыгышты. Ошондо мамлекет башчысы телефондон Орусиянын президенти Дмитрий Медведевге: «Силер эмне кылып жатасынар деги? Мен базаны чыгарып атсам, силер болсо транзиттик жүк ташуу үчүн өз аймагынарды берип жатасыңар» деген.
Ал биздин президентке: «Жок, биз аймакты берген жокпуз, биз эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүп, аба мейкиндигин гана беребиз» деп жооп берген. Анда Бакиев: «Демек, силер Афганистандагы террористтер менен күрөшүүгө жардам берет экенсиңер, ал эми Кыргызстан буга каршы экен да?» деген. Кыргызстанга карата орусиялык өнөктөштөр ушинтип анча сылык эмес мамиле жасап коюшкан. Ошондо дагы бир суроо пайда болгон: эми бул маселени эч кимди таарынтып албас үчүн, кантип чечүү керек?
Америкалыктар да базанын статусун өзгөртүү боюнча варианттарын сунуш кыла башташты, кыргыз бийлиги алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошонун натыйжасында, бийлик андагы мурда дипломатиялык макамга ээ болушкан аскерлердин макамын өзгөртүшкөн. Натыйжада алар шаарга куралчан чыга албай калышты, аскердик базанын өзүнүн макамын да өзгөрттү ал транзиттик жүк ташуучу Борбор болуп өзгөрдү. Кыскасы, бийлик америкалыктар менен сүйлөшүүгө жетишип, эми аскердик базаны эмес, Орусия жана башка коңшулар сунуш кылышкан эле шарттарда ТЖБны өзүбүздө калтырышкан. Кыскасы, база маселеси чечилип калган.
Бул жылына 60 миллион доллар киреше бере турган «Манас-Ганси» базасынын чыгарылышы Атамбаевдин заманына туш келди. Атамбаевдин учурунда эле Кытайга эле карызыбыз 2 млрд 800 доллардан ашып кеткен. Кыргызстандын Кытайга болгон карызы мамлекеттин ички дүң продукциясынын (ИДПсынын) 30 пайызына туура келет. Кытай Эксимбанк аркылуу Бишкек ТЭЦти модернизациялоого 386 миллион доллар, «Датка-Кемин» долбооруна 390 миллион доллар, Түндүк-түштүк альтернативалуу жолуна 850 миллион доллар жана башка долбоорлорго насыя берип отуруп учурда Кытайга эле карызыбыз 2 млрд 450 млн доллар Кыргызстандын бересеси бар. Ош-Бишкек жолуна альтернатива катары курулуп жаткан Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Бул долбоор 2014-жылы башталган. Жолдун ар бир чакырымына орточо эсеп менен 1 миллион 617 миң доллар жумшалууда. Бул ири долбоордун болжолдуу наркы 850 миллион долларга бааланганы айтылган эле.
Ири курулушту кытайлык China Road and Bridge компаниясы ишке ашырууда. Түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун башкы өзгөчөлүктөрү катары анда салынып жаткан эстакадалык көпүрөлөрдү жана тоннелди айтууга болот. 29,5 миллион долларга эки эстакадалык көпүрө куруулуда. Бул жолдо ошондой эле өлкөдөгү эң узун тоннель курулууда. Көк-Арт ашуусундагы бул тоннелдин узундугу - 3890 метр. Кытайга карыз болуп экономикалык жактан эч пайда алып келбеген ушул жолду куруунун кажети бар беле? Кытайга карызды төлөбөсөк алар ТЭЦке, Датка Кеминге, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолуна өздөрү ээлик кыла башташат. Ээлик кыла башташат деген өздөрү келип өздөрү иштетип өздөрүнүн тарифтерин коёт. Биздин эл алардын тарифтерин көтөрө албайт. Кытайга толук карыздарды төлөө 2029-жылдан башталат. Андан кийин Тажикстандын кейпин кийип, Кытай Армиясына аскер базасын ачып бербесек болду.
Мындай көрүнүш Тажикстанда болду. Кытай Тажикстанды келечекте аскердик базаларын жайгаштыра турган өлкөлөрдүн бири катары караштырууда. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин Конгресс мүчөлөрү үчүн даярдаган ар жылкы баяндамасында жазылган. Алар Кытайга Жогорку Кумарга алтын кенин «Дүйшөмбү-2» ТЭЦинин курулушу үчүн өткөрүп берген. Бул ТЭЦти курууга Кытай 330 млн доллар бөлүп берген. Согду облусундагы кенди ТЭЦти курган ТВЕА компаниясы иштетип, курулушка салынган бардык каражаттарды жапканча тажик кенинен алтын өндүрөт. Эмне биз 2029-жылы «ме» деп 1 млрд 800 млн доллар карызыбызды бере алабызбы? 2020-жылы Washington Post гезити жергиликтүү тургундар менен спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып, Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы Мургаб районунда үч жылдан бери Кытайдын жашыруун аскер базасы бар экенин жазып чыккан.
Кытай чет мамлекеттерде, анын ичинде Борбор Азияда аскер базаларын куруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Учурда Кытайдын Элдик - Боштондук армиясынын (НОАК) базалары Тажикстанда пайда болушу күтүлөт.Бул тууралуу Пентагон докладында жазып чыкты. АКШтын Конгрессине багытталган бул докладда Кытай Мьянмага, Таиландга, Сингапурга, Индонезияга, Пакистанга, Шри-Ланкага, Бириккен Араб Эмиратына, Кенияга, Сейшелге, Танзанияга, Анголага жана Борбор Азиядан Тажикстанга аскер-логистикалык базасын орноштурууну көздөөдө.
Акыркы мезгилдерде Кытай катуу өнүгүп чет мамлекеттерге 100 миллиардаган насыяларды бере баштаганы белгилүү. Кытайдан чоң суммадагы карыз алган мамлекеттердин саны 100 мамлекетке жетти. Кытайдын экономикасын иликтегендер Кытай ачык да жана мамлекеттик сыр бойдон катылуу жабык да дүкүлдөтүп карыздарды туш тарапка чачып жатат. Ушул карыздардын баарын эсептегенде Кытайга болгон карыздар триллион долларга жетиптир дешет. Кытайдын тышкы карыз саясатында катылбаган сыр болбогондо, бул көрсөткүч даана билинип турмак. Мисалга алсак, Түркмөнстандын Кытайдан алган насыясы белгисиз болуп турат, болжол менен 6-7 миллиард доллар болушу мүмкүн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg