www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын этегинде чет жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын жарымынан көбү аялдар экени айтылды. Бүгүнкү күндө Москвадагы жатаканаларда, Түркиядагы ресторандардын ашканасында күн-түн уйкусуз иштеп жүрүшкөн кыз-келиндер арбын. Өкүнүчтүүсү, чет жерде жүргөндөрдүн кээ бири зомбулукка кабылат, кээси айлыгын ала албай кемсинүүгө учурайт. Алардын мекенге кайтуусу дагы жеңил эмес.
Дегенибиз, эмгектен чарчаган, моралдык жана психологиялык жараат алган аялдар көп. Миграция аларды күчтүү, көз карандысыз кылып өзгөртсө дагы, өз мекенине келгенде коом кайра эле “эне, жубай, үй кожойке” деген эски ролго кайтаргысы келет. Натыйжада аял экономикалык жактан активдүү болгону менен, социалдык жактан пассивдүү бойдон калууда.
Эл аралык миграция уюмунун эксперттери “аял миграциясын токтотуу эмес, аны колдоо механизмин түзүү керек” дешет. Миграция – бул социалдык өзгөрүүнүн чагылуусу. Эгер мамлекет аялды четке кетүүдөн мурда даярдап, кайтып келгенде колдосо, бул агым көйгөй эмес, өнүгүү булагына айланмак.
Кыргызстанда азыр мигранттар үчүн реинтеграция программасы жок. Миграциядан кайтып келген аял үчүн эң зарыл нерсе жумуш, билимди жаңылоо жана психологиялык колдоо. Мындай колдоо Кыргызстанда жокко эсе. Мына ушул боштукту толтурууда мамлекеттик атайын программа иштеши зарыл. Ансыз аялдардын коомдогу орду, үнү угулбайт.