www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында, учурда чет өлкөлөрдө жашаган жана жүргөн жарандар үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы 71 шайлоо участогун түзүп, бекитти.

Эми бардык чет өлкөлүк шайлоо участокторунун даректери картада жайгаштырылып, жарандарга өздөрүнө эң жакын участокту табууга жана анын дареги тууралуу так маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эске салсак, шайлоо участоктору төмөнкү өлкөлөрдө ачылган:

• Россия – 22 участок,

• Түркия – 8,

• Казакстан – 2,

• АКШ – 6,

• Корея Республикасы – 3,

• Италия – 2,

• Германия – 2,

• Кытай Эл Республикасы (КЭР) – 2,

• Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) – 2.

Мындан тышкары, төмөнкү өлкөлөрдүн ар биринде бирден шайлоо участогу ачылган: Сауд Аравиясы, Австрия, Чехия, Словакия, Өзбекстан, Улуу Британия, Беларусь, Венгрия, Бельгия, Франция, Кувейт, Япония, Катар, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Швейцария, Малайзия, Пакистан, Индия, Иран жана Монголия.

Өлкөлөрдүн жана шаарлардын аталышы, даректери менен кошо толук тизмеси төмөнкү шилтемеде - картадан өлкөнү тандап, шайлоо участогунун так жайгашкан жерин билсеңиз болот: https://shailoo.gov.kg/ru/golosovanie-za-rubezhom/inform-po-real-izbir-prav-graz-kyrg-resp-prozh-ili-nahod-za-pred-kyrg-resp/adresa-izbiratelnyh-uchastkov-za-rubezhom/

 

Последние новости