www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызды зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын кызматкерлерине козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Мындай чечимди сот чыгарганы такталган.
«Айрым маалыматтар боюнча, Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы кылмыш ишин сотко жөнөткөн. Бирок соттук териштирүүдө кыз доо арыздан баш тартууну жазган. Жыйынтыгында сот ишти кыскартты. Улуттук гвардиянын кызматкерлери камактан бошотулду ”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, сентябрь айында милицияга бир кыз арыз менен кайрылган. Ал аны зордуктады делген эки кишиге чара көрүүнү суранган. Кылмышка шектүүлөр Улуттук гвардиянын кызматкерлери болгон. Милиция бул фактыны каттоого алып, материалдарды Аскердик прокуратурага өткөрүп берген.
Булак: NazarNews.kg