www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея Корей жарым аралынын чыгышын көздөй алыс аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын учурду. Бул тууралуу Йонхап маалымат агенттиги Башкы штабдын төрагалыгына таянуу менен билдирди.

Түштүк Кореянын армиясы Түндүк Корея учурган ракета 45 км максималдуу бийиктикте жана 4 Mach максималдуу ылдамдыкта болжол менен 240 км учуп өткөнүн билдирди. Япониянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, снаряд Корей жарым аралынын чыгыш жээгине кулап түшкөн. Токио Пхеньяндын аракеттерин "катуу айыптады".

Учуруу жергиликтүү убакыт боюнча 10:48де Гангвон провинциясындагы Вонсан аймагынан жасалган. Түштүк Кореянын армиясы бул окуяны “олуттуу провокация” деп атап, ракета учурууну токтотууга чакырды. АКШ бул снаряд ага жана союздаштары үчүн коркунуч туудурбайт деп баалады. 

Бул Түндүк Кореянын жыл башынан бери 34-ракеталык учуруусу.

Түндүк Корея экинчи күн катары менен баллистикалык ракета учурду. Бир күн мурун Түдүк Кореянын аскерлери Япон деңизин көздөй снаряд учурганы кабарланган. Ошол эле күнү Түштүк Корея менен АКШнын коргоо министрликтери ракетадан коргонуу боюнча консультацияларды өткөрүшкөн. Кийинчерээк Сеул бул кыска аралыкка учуучу ракета экенин билдирген. Ал 240 км учуп, 45 км бийиктикке жеткен.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чо Сонг Хи АКШ Түндүк Кореяга каршы өнөктөштөрүнүн бөгөт коюу чараларын күчөтүү кампаниясын уланта берсе, Пхеньян "катуураак" аскерий чараларды көрө турганын эскерткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости