www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийлик өкүлдөрүнүн уялбай барып контейнерден курулган мектепти ачышы коомчулукта өтө чоң талкуу жараткан. Бийликке сын айткандар өтө көп болду. Мына ошондойлордун бири, коомдук активист Кылыч Шанаев окуучулар контейнер мектепте окуп жатканда аш-тойдун кереги бар беле деген оюн бөлүшкөн:
"Мектеп салганга каражат жок" деп жатпадык беле? Бүгүн мына белгилүү болгондой 2019-жыл Талас облусундагы Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө жалпысынан 50 млн сом акча мамлекеттик казынадан берилмей болду. Бул дегени 160 орундуу 10 мектеп деген сөз. Акчаны туура пайдаланганды билбесек, анан, албетте балдарыбыз контейнерде окуйт да. Дагы бир депутат уялбай "контейнерде окугандан намыстанбаш керек. Ал убактылуу көрүнүш", -деп көпчүлүктүн ачуусуна тийип алды. "Как чокуң!" деген киши жок. Балким, убактынча оюн-зоок, той-тамаша, аш-оокаттын барын токтотуп, мектеп салаттырбыз? Көчмөндөр оюнуна кеткен чыгым, ошону менен жок болот. Ал эми мектеп өмүр бою калмак. Мына ушундан билсек болот, бизди кандай кыйын жетекчилер башкарып жатканын. Той-аштын бардыгын токтотуш керек убактынча. Силер жыргап, бийлеп, ойноп эле жүрсөңөр болду. Өлкөнүн эртеңи кызыктырбайт.
Биз мөмө бере турган дарак тикпей, ошол дарак тикчү каражаттын баарын кымырып атканыбызды билип жаттык болдук бекен?
Жанагы бийликтин “пахтачылары” - силер дагы айткыла: "убактынча оюн-зоокторду токтотуп турган оң", -деп.
Бардыгынын өзүнүн убагы бар. Биз эч качан улуттук оюндарыбызга каршы чыккан эмеспиз. Керек болсо даңазалап, колдон келишинче мамлекеттик казынадан 1 сом коротпой өз алдыбызча өткөрүп жүрөбүз. Айтайын дегеним балдарыбыз контейнер мектепте окуп жатса, биз той, оюн-зоок өткөрүп жатсак туура эмес болуп калат. Бир аз өзүбүзгө келип алган соң, күндө майрам, күндө той кылабыз.
Ошондуктан парламент мына ушул маселени кабыргасынан коюп, маселени чечсе. Кийинки жылдан баштап, Кытай дагы карызын доолап баштайт. Мындайча айтканда ойлонуп иш кылбасак, алдыда бизди катаал күндөр күтүп турат.
Кылыч Шанаев, жарандык активист
Булак: "NazarNews.kg"