www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан Россиянын ИИМдин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгы тараптан жарыяланган “Миграциялык мунапыс” боюнча маалымдоо иштери уланып жатат. Россия тараптан Россиянын аймагында РФдин миграциялык мыйзамдарын бузган Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамдаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Жакында, 2019-жылдын 13-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Өкүлчүлүгү жүргүзүлүп жаткан “миграциялык мунапыстын” шарттары боюнча эмгек мигранттарына маалымдоо жана түшүндүрүү максатында Россия Федерациясынын Тверь облусуна иш сапары менен барышкан. Жолугушуу учурунда “миграциялык мунапысты” колдонуунун тартиби түшүндүрүлүп, Россиянын аймагында миграциялык мыйзамын бузуп жүргөн мекендештерге 2019-жылдын 22-апрель күнүнө чейин колдонуп алуулары боюнча кеңеш беришти.
“Миграциялык мунапыс” маалында Россиянын аймагында Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын бузган мекендештер 2019-жылдын 22-апрель күнүнө чейин өз мекенине тоскоолдуксуз келип, андан соң каалаган убагында кайрадан административдик жоопкерчиликке тартылбай, болжол менен административдик айып пулду төлөө менен кайра Россиянын аймагына кайтууга болот.
Ошондой эле, жарандар Россияга келүүлөрүн мыйзамдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын паспортун (ID-card же чет өлкөгө чыгуучу паспортун) алып, Россиянын ИИМдин Миграция маселелер боюнча башкы башкармалыгынын райондук бөлүмүнө жогоруда көрсөтүлгөн күнгө чейин кайрылуусу туура. Бул жерден миграциялык каттоого тургандыгын жана жаңы миграциялык карталардын көчүрмөсүн алууга болот. Ошол эле убакта поспорту жок Кыргызстандыктарга ата мекендик элчиликтен Кыргызстанга кайтуу үчүн күбөлүктү жасатуу керектиги жана 22-апрелге чейин Россиянын аймагынан чыгып кетүүлөрү, андан соң каалаган убагында Кыргыз Республикасында өздүгүн тактаган күбөлүктү алган соң кайтууга болоорун түшүндүрүштү.
Тверь облусундагы жолугушуу учурунда жарандар тарабынан ар кандай суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.
Андан сырткары, ошол эле убакта этникалык белгилери боюнча түзүлгөн кылмыштуу топтор тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерге каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү-алдын алуу иши жүргүзүлдү. Кандайдыр-бир мыйзамсыз иш-аракеттер жасала турган болсо биздин жарандар ИИМдин Өкүлчүлүгүнө +7 (926) 890-87-00 телефон номурлары аркылуу кабарлашса болот.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясынын Өкүлчүлүгү мекендештерди Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузбоого жана жүрүм-турум эрежелерин сактоого, андан сырткары кылмыш жоопкерчилигине тартылбоо үчүн мыйзамсыз иш-аракеттерди жасабоого чакырды.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Булак: NazarNews.kg