www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 15-апрель күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциясынын тескөөчүлөрү, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү жана Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери үчүн окуу семинары өттү.

“Коопсуздук жана укуктук тартип тармагын реформалоодогу гендердик кадамдарды эсепке алуу” аталышындагы семинар ЕККУнун жана Кыргыз Республикасынын КККнын колдоолору менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин профессору Айдаркул Каана тарабынан уюштурулган.

Белгилей кетсек, Айдаркул Каана укук коргоо органдарында жыйырма жылдан ашык иштеген, милициянын отставкадагы полковниги жана Коопсуздук, укуктук тартип жана мыйзамдуулук тармагындагы аялдардын кыргыз ассоциациасын жетектейт. Семинарга Айдаркул Каана, ИИМдин КККнын жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иши боюнча бөлүмдүн башчысы Азамат Абдрахманов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскер-саясий маселелер боюнча бөлүмдүн башчысы Александр Елисеев катышышты. Семинардын башында катышуучулар жалпы маселелерге токтолуп, анын ичинен милициянын реформалоодо гендердик кадамдарды киргизүүдөгү негизги механизмдер талкууланды. Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш мыйзамдарынын жаңы концепциясы презентация түрүндө көрсөтүлдү.

Семинардын экинчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамдарынын контекстиндеги үй-бүлөөлүк, гендердик зомбулук жана жашы жете электер өспүрүмдөрдүн арасындагы суидциддик жүрүм-турумдар чөйрөсүндөгү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин потенциялын жогорулатуу жөнүндөгү баяндамасын Азамат Абдрахманов окуду. Семинардын алкагында жашы жете элек өспүрүмдөргө карата үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукту алдын алууну камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттемелери боюнча практикум уюштурулду.

Андан соң, катышуучулар  өтүлгөн темалар боюнча талкуулашып, кичи топторго берген эксперттердин тапшырмалары боюнча өздөрүнүн презентацияларын көрсөтүштү. Семинардын аягында катышуучуларга окуудан өтүшкөндүгү тууралуу сертификаттарды тапшырышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости