www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илгери «уюм тууду» - дешип уячага коргоол салышып, тогуз коргоол оюнун ойношсо, бүгүнкү күндө уячага доллар салышып, ойноп жатыр. Тогуз коргоол оюну, кыргызга тиешелүү бирден-бир улуттук оюн. Көпчүлүк улуттук оюндар ат чабыш, көк бөрү, күрөш жалпы түрк улуттарына тиешелүү болуп кетет. 2010-жылдын апрель айында бийликти алгандар жана бийликтен кеткендер эки жаат болушуп, тогуз коргоол ойношот. Бийликтен кетирилген командада премьер-министр Данияр Үсөнов үй-бүлөсү менен, Михаил Надель, Коргоо министри Бактыбек Калыев, Жаратылыш ресурстары министри Капар Курманалиев, Нургүл Абдыразакова, Ким, Ульяна Пак жана башкалар, бийликти алгандар командасында финансы министри Темир Сариев, коопсуздук боюнча вице-премьер Азимбек Бекназаров, вице-премьер Өмүрбек Текебаев, УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев, Коргоо министри Исмаил Исаков, Бишкек мэри Иса Өмүркулов, Мамкаттоо жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, Жалал-Абад губернатору Бектур Асанов, Токой чарба жетекчиси Топчубек Тургуналиев, Коопсуздук Кеңешинин катчысы  Алик Орозов жана башкалар.

Биринчи коргоол: 1 тайм

2010-жылдын 15-апрелинде «Бакай банкында» тогуз коргоол оюну башталат. Албетте, калыстар тобу жок оюн болчу беле. Калыстар тобуна: Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүсү Табалдиев, Банктын милдетин аткарган башкаруучусу Даньшина, банк өкүлү Мурзалиев, күбөлөр Садовский, Садыров кирет.

Кеткен команданын № 196 уячада  110 миң 500 доллары, № 197 уячада 1 миллион 896 миң 900 доллары болот.

Экинчи коргоол: 2 тайм

Бул оюн  2010-жылдын 17 –апрелинде  «Манас Банкта» улантылат. Калыстар тобу: Табалдиев, банктын милдетин аткарган башкаруучусу  Алишерова, банк өкүлү Докащенко, күбөлөр Мисиров, Жакыпов.

Кеткен команданын № 364 уячада 359 миң 600 доллары жана 414 миң 290 сом, № 365 уячада 840 миң доллары, №366 уячада 827 миң доллары болот.

Үчүнчү коргоол: 3 - тайм

2010-жылдын 18-апрелинде «АзияУниверсалБанкында» өткөрүлүп, калыстар тобуна Бишкек шаардык прокуратурасынын  тергөөчүсү Табалдиев, ага тергөөчү Намазалиев, банктын милдетин аткарган башкаруучусу Калимбекова, банктын өкүлү Мурзалиев, депозиттик сейф бөлүмүнүн башчысы Алымбекова кирет.

 Бул таймдын активдүү чабуулчусу экс-коргоо министри Бактыбек Калыев № 275 уячага 899 миң 800 доллар, № 276 уячага 890 миң 200 доллар, № 277 уячага  600 миң доллар. № 295 уячага  900 миң 100 доллар, № 296 уячага  840 миң 200 доллар, № 316 уячага 899 миң доллар, № 319 уячага 779 миң 400 доллар салат. Андан кем калбайм деп Михаил Надель да чыгат. Ал № 8/2 уячага 1 миллион 999 миң доллар, № 27/2 уячага 500 эле сом, № 386 уячага 1 миллион 948 миң доллар, № 439 уячага 749 миң 900 доллар салып Иерусалимди карап компоюп отуруп калат. Доңуздай болуп далысы менен алдыны сезген Данияр Үсөнов, Надель менен Калыевден ашып кетмек, бирок бир нерсени сезип тогуз коргоолго катышкысы келбегени менен экс-жубайы  Гүлнара Үсөнова, уулу Мурат Үсөнов экөө № 257 уячага 66 миң 850 доллар салып жиберишет. Ошондой эле № 16 уячага экс- жаратылыш ресурстар министри Капар Курманалиев 45 миң доллары, 30 миң 850 евросу менен кошо 100 граммдан эки алтын куймасын салса, Нургүл Абдыразакова  № 78 уячага 540 доллар салып жана эки кымбат баалуу билерик, үч каухар шакек, эки жакут чынжырчасын салып ийип атпайбы. Андан тышкары № 81/1 уячага дагы бир аты-жөнү белгисиз 100 доллар салат.

Төртүнчү коргоол: 4 - тайм

2010-жылдын 20-апрелинде кайрадан «Манас Банкта» өтөт. Калыстар тобу: Бишкек шаардык прокурорунун орун басары Нишанов, Банктын и.о башкаруучусу Алишерова, кассанын  жетекчиси Касымов, күбөлөр Абдивасиев, Жантаевдер. Касымовдун көрсөтмөсү  боюнча өзү билип, өтүгүн төргө илген Ким аттуу жаранга № 347 уяча оюндун эрежесинен тышкары, ижара келишими жок берилген. Ким № 347 уячага 286 миң 500 доллар жана 2 миллион 600 миң сом салган. Ал эми Ульяна Пак деген келишимдүү келин  № 336 уячага 1 миллион 350 миң доллар, № 395 уячага 1 миллион 350 миң доллар, № 396 уячага 1 миллион 959 миң доллар, № 397 уячага 1 миллион 619 миң доллар салат.

 Төрт  таймды кошуп эсептегенде банктагы уячага 21 миллион 500 миң доллар салынган экен.

Бешинчи коргоол: 5 - тайм

Контратаканы Убактылуу Өкмөттүн Финансы министри Темир Сариев менен Күч органдары боюнча төрайым орун басары Азимбек Бекназаров баштайт. Булар ары-бери чуркап жанын кейитпей эле сотка менен эле миллиондорду соро беришет. Бакиевге козголгон кылмыш иштерге байланыштырып, элдин мүлкүн бекер аштай көрүп эле мамилелештерин май-талканга бөлөгөн. Ушунун ичинен 7 миллион долларын мамлекеттик кырдаалды жөнгө салууга деп чыгышталууга тийиш болсо, анын 3 миллион 327 миң  95 доллары гана мамлекет органдарына жана чиновниктерге жеткен. Бирок каражат кайда сарпталып жатканы көзөмөлдүккө алынган эмес.

Темир Сариев менен Өмүрбек Текебаевди Бишкектин экс мэри Иса Өмүркулов ресторанга алып барып 1000 доллардан сый көрсөткөнү бар. Өмүрбек Чиркешович ыраазы болуп кайтса, Темир Аргенбаевич тойбой кайткан деген сөз жүрөт. Финансы министрлеринин өзү тойсо да көзү тойбойт эмеспи. Темир Сариевдин колуна акча тиери менен сотка менен эле бөлүштүрө баштайт. Алгач эле Бишкектин экс -мэри Иса Өмүркуловго 100 миң доллар, Бишкектин Ленин районунун элдик кошунуна 15 миң долларды уячадан алып берет. Бишкек мэри Өмүркулов жеке буйругу менен жеке тааныш 21 жеке адамга бакстарды бөлүп берет. «Журт алган куруттан, жуда мени куруткан»-деп Убактылуу Өкмөттүн төрайым орунбасары Өмүрбек Чиркешович 2010-жылдын 13-июнунда буйрук менен 20 миң доллар алган. Эмнеге көзүнө  жакшы көрүнүп кеткени белгисиз Базар-Коргондук жердештери, «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрү Олжобай Боронбаев, Сайдулла Нышанов дегендерге 5 миңден берсе, Базар-Коргондун акимине калганын  кармата берген. Баса, 5 миң доллар алып депутат болгон Сайдулла Нышанов кийин Текебаевдин аркасына суу куюп, Атамбаевге Кыргыз Эл Баатырын беребиз деп чыккан.

Андан тышкары бирде митингчи, бирде антимитингчи, Убактылуу Өкмөт мүчөсү, ошол мезгилде Башкы токойчу болуп турган Топчубек Тургуналиев «Манастан Чубак кем бекен» -деп уячадан 5 миң доллар алып, «Эркиндик» партиясынын 4 мүчөсүнө берген.

Мамлекеттик каттоо кызматы уячадан 120 миң доллар алат. Бул доллардын 20 миңин ошол мезгилдеги Мамкаттоонун жетекчиси, азыркы депутат, убагында Нарындын «Ата-Мекенин» жетектеген Алмамбет Шыкмаматов шык чөнтөккө салып, Нарынга алып кеткен. Канчасы «магырычка» кеткени белгисиз, Жалал-Абаддын ошол мезгилдеги губернатору Бектур Асанов 100 миң доллар менен жүзүн аарчыган.

Жетинчи коргоол: 7 - тайм

Азимбек Бекназаров сотка менен Коопсуздук  кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевге 900 миң доллар уячадан алуусуна уруксат берет. Коопсуздук Кеңешинин ошол мезгилдеги катчысы  Алик Орозовго уячадан атайын операция үчүн 100 миң доллар берилет. Орозовдун оозу Ошту карабай эле, папкеси Пакистанды көздөй учуп, операция ишке ашпай калат. Анын 43 миң доллары Башпрокуратурага кайтарылганы менен, 57 миң доллары бир спецназды жана күжүрмөн даярдыктагы белгисиз, аты-заты жок үч топту түзүүгө жумшалды деп «омийн» болгон. Коргоо министри Исмаил Исаков уячадан 250 миң доллар алган. Анын  100 миң доллары Коргоо министрлигине берилип,150 миң доллар министрдин жардамчысына берилген. Бул каражаттар Коргоо министринин буйругу менен түштүк аймактагы  аскер бөлүктөрүнүн командирлерине, күч органдарынын жетекчилерине, үч облустагы ооруканалардын башкы врачтарына жана губернаторлорго бөлүнүп берилген. ИИМге 1 миллион 300 миң доллар берилип, анын 177 миң доллары жана 274 миң сому кайтарылып берилген. Башпрокуратура деле уячадан кур калбай 50 миң доллар алып пайдаланылбаган каражаттын

кайтарылганы белгисиз. Өзүнө-өзү кайтармак беле. Убактылуу Өкмөттүн тобокелдиктер менен иштөө тобунун жетекчиси Чолпон Ногойбаева уячадан 25 миң 555 доллар алса, уячадан Жалал-Абад мэриясы 100 миң доллар алган. УӨнүн маалыматтык-координация борборунун жетекчисинин орун басары Роза Даудова 8 миң 500 доллар алып, Ош менен Жалал-Абадда пресс-борборлорду ачууга жумшаган.

Сегизинчи коргоол: 8 - тайм

Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 13-майындагы  буйругу менен аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев 53 миң доллар уячадан алган. Бул каражатты ал жардамчысына берген. Ал 42 миң  95 долларды элдик кошуундардын лидерлерине жана өзгөчө кырдаалдарды турукташтырууга жардам берген адамдарды каржылаган. Жана да аппарат жетекчисинин жардамчысы 20 миң доллар алып, каражатты сомго айырбаштап, тамак-ашка, унаага, желекче, колго байланган  оромолдор үчүн кездеме, түтүкчө алганга жумшаган. Акча каражатынын  арткан 10 миң 905 доллары Башпрокуратурага кайтарылып берилген.

Талкаланган  Улуттук  телерадиокорпорациясын калыбына келтирүү максатында Убактылуу Өкмөт тарабынан  20 миң доллар бөлүнүп берилген. «Артык дөөлөт баш жарат» -деп, артып калган 2 миң 960 долларды УТРК кайра кайтарып берген. ЭлТР телеканалына 10 миң доллар уячадан алынып берилген. Убактылуу  Өкмөттүн  Республикалык штабы 500 миң доллар алып, долларды жыттап-жыттап кайра кайтарып берген.

Тогузунчу коргоол: Оюндун жыйынтыгы

Уячага бардыгы 21,5 миллион доллар салынган. Убактылуу Өкмөт бөлгөн 7 миллион доллардын 3 миллион 327 миң 95 доллары пайдаланууга бөлүнгөн. Анын тиешеси барбы, тиешеси жокбу 2 миллион 587 миң 174 «жашылбайы» «омийн»  болуп, кайрадан кайтарылып берилгени 733 миң 965 доллар жана сомго айланган 5 миң 900 доллар (274 миң сом). Тогуз коргоолдун «уячаларында» 12 миллион 384 миң доллар сакталып турат демиш болуп ың-жың болгон. Калганы кайда кеткени тууралуу «тогуз коргоол» оюунун түшүнгөн аттуу-баштуу, айла-амалдуу адамдар менен калыс болуп берген прокуратуранын гана башы жетпесе, карапайым адамдын тиши өтпөйт экен. Жылдар өтүп жатат, банк уячасын уялбай кайсагандар жыл өтүп кетсе экен деп жүрүшөт, анткени буга чейин дайынын билдирбегендер эми билдирмек беле?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ , NazarNews.kg

Последние новости