www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12-январь күнү Баткен районунун Көк-Таш айылындагы орто мектепте баш калкалап турган адамдар үйлөрүнө жеткирилген. Ал эми бүгүн, 13- январда облустагы башка мектептер менен катар эле бул мектепте да окуу башталды. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ганыев атындагы орто мектепке жайгаштырылган адамдар 12-январь күнү үйлөрүнө кайтышкан. Ал эми мектеп окуу процессине толук даяр болуп, бүгүн өлкөнүн башка мектептери сыяктуу эле бул мектепте да кышкы эс алуудан кийин окуу уланат.
Азыркы учурда аймакта кырдаал тынч.
Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Буга байланыштуу чыр чыккан Көк-Таш айылынын тургундары: аялдар менен балдар коопсуздук максатында мектепке жайгаштырылган эле. Бул чатакты жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон 11-январда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Натыйжада Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү 14-январда жолугуп, маселени талкуулашмакчы.
Булак: NazarNews.kg