www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызылча - катуу кармаган, жугуштуу оору. Өлкөбүздө бул оорунун вирусу кеңири кучак жайды. Ата-энелерге кеңири маалымат берүү максатында биз да бул ооруга кайрылдык.
Жуктуруп алуунун жолдору:
- Кызылча менен ооруган адамдан жугат. Ооруну вирустар козгошот;
- Оорулуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө анын шилекейи, какырыгы менен вирустар абага тарап, соо адамга өтө тез жугат;
- Вирус соо адамга жуккандан кийин анын иммунитетинде сакталып калат;
- Мурун, кийин кызылча оорусу менен оорубагандар, кызылчага каршы ийне албаган чоң адамдар кызылча оорусу менен 100 пайыз ооруйт;
- Жуктургандан 7 күндөн кийин оорунун алгачкы белгилери байкалат. Оору өзү жөнүндө белги берет;
Оорунун белгилери:
- Дене табы 38-40 градуска көтөрүлөт;
- Алы кетип шалдырайт;
- Тамагы кызарып шишийт, ичегилердин иштөөсү бузулат. Тамакка табити тартпай калат;
- Мурундан суюктуктар бөлүнүп чыгат, кургак жөтөл болот;
- Көздүн ыйлаакчалары жана ортоңку кулак сезгенет;
- Оору өзү жөнүндө белги бергенден 2-3 күндөн кийин бетке майда-майда агыш бүртүкчөлөр чыга баштайт;
- 3-күнү ал бүртүкчөлөр кызарып чекеге, бетине, кулагынын артына жайылып,андан ары бүт денени каптап кетет;
- Бүртүкчөлөр барган сайын ар кандай форма менен чоңоюп, жыш болуп жайыла берет. Бул учурда баланын температурасы 40 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн;
- Оору өтүшүп кеткенде кулактары шишип, көздөрү чылпактап, ичи кызарып жарыкты карай албай калат;
Дарылоо медицина кызматкерлеринин көзөмөлдөөсү менен жүрүш керек.
Сиз же сиздин балаңыз ооруп калса эмне кылуу керек?
- Аймактык дарыгериңизди чакырыңыз же “Тез жардамга” чалыңыз.
- Дарыгер келгиче ооруп калган балаңызды соо балдарыңыздан оолак кармап,алар менен аралаштырбай туруңуз.
- Кайсы жакта болсоңуз да балаңыздын абалын телефон аркылуу дарыгерге маалымдап туруңуз.
- Кызылча оорусуна эмдөө, микробдорго жана вирустарга каршы дары-дармектерди кабыл алуу менен профилактика жүргүзүү керек.
Вакцина кимдерге сунушталбайт?
- Кош бойлууларга
- Баланы пландаштырып жаткандарга
Булак: "Леди.kg"