www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз тили эми бааланып бараткансыйт. Кайсы жерге барба, кыргыз болуп туруп, кыргызча сүйлөгөндө маанайың ачылат. Сен кыргызча сурап жатсаң, кайра орусча жооп бергенде ушунсалык жиниң келет. Эмне орусча сүйлөгөндө зоболосу көтөрүлүп калабы. Орусча сүйлөгөндө авторитеттүү көрүнөт деп ойлошобу? Түшүнбөйсүң...

Ошондуктан, коом өзү бул жагдайды колго алып, кыргызча сүйлөйлү деген демилгени көрөп алып абдан сүйүндүм. Негизи эле, өз тилибизди кадырлабасак, бизди ким сыйлайт? Балдарыбызды орус мектептерге берип, биз алардан эмне таптык. Жарым кыргыз, жарым орус кылып. Андан балдарыбыз ата-энесине күйүмдүү болбой өсүп жатканына өзүбүз эле күнөөлүүбүз. Баланы бала бакчага баргандан тартып, кыргызча үйрөтүшүбүз керек. Бала элементардык нерселерден калып жатканын түшүнбөй жатканы абдан өкүнүчтүү.

Ал эми кыргыз тилинин тарыхына кайрылсак, Эне-Сайдагы кыргыздардын тили 1703-ж. чейин ѳз алдынча өнүгө берген. Бул кыргыздар Жунгарияга сүрүлгөндөн соң, энесайлык кыргыздар ѳз алдынча этностук өнүгүү негизинен ажырап калышкан. Ошол кыргыздардын тили бүгүнкү хакастардын, тувалардын, шорлордун, карагастардын, түштүк алтайлыктардын тилдеринин калыптанышына башкы ролду ойноду, энесайдагы кыргыз тили кийинки жашоосун улантты.

Cоңку кыргыз тили

Теңир-Тоодогу кыргыздардын тилинин өнүгүүсү улана берген. 19-к. Кылыч, Молдо Нияз, Тоголок Молдо, Молдо Нияз ж.б. араб ариби менен кыргыз тилинде ѳз чыгармаларын жарата алышты. Чагатай жазуу маданиятынын таасирине карабастан, кыргыздарда ѳз жазуу маданияты өнүгө берди. Муну бүгүнкү кытайлык кыргыздардын араб арибине ыңгайлашкан жазуу маданиятынан көрүүгө болот. Араб арибинде Осмоналы Сыдык уулу ѳз эмгектерин жазган, 1917 жылы төңкөрүштүн соңку жылдарындагы гезит-журналдар, алгачкы алиппелер буга мисал боло алаары анык. К.Тыныстан уулу, И.Арабаев, Б.Солтоноев ж.б. илим адамдары ѳз илимий эмгектерин араб ариби, андан соң латын, кийинчерээк кириллицага негизделген жазуу менен даярдашкан. Жаңы кыргыз тили төңкөрүштөн кийинки мезгилде биротоло калыптана баштады. Кыргыздын алгач араб арибине, латынга, андан соң кириллицага негизденген адабий тили, улуттук интеллигенция, окуу-маданий, улуттук искусство борборлору калыптана баштады. Алгачкы илимий басылмалар жарыкка чыкты, мамлекеттик стандарттагы атайын окуу китептери, окуу куралдары, адабий чыгармалар басылып чыга баштады. Учурдагы кыргыз тили өнүгүү жолунда. Бүгүнкү илимий-техникалык жана башка керектөөлөрдүн бардык талаптарына жооп берген, өнүгүп жаткан улуттун тили. Азыркы кыргыз тилинин 1928 жылдары реформаланган араб алфавитинин негизиндеги, 1927-1940 жылдары латын алфавитинин негизиндеги жазууда болгон. 1935-жылы кыргыз тилинин ариптерин кириллике өткөрүү боюнча катуу талкуу жүрүп, 1940 жылдан тартып кирилликте жазуу системасы колдонулууда. Жазуу системаларынын өзгөрүүсү менен чогуу Кыргыз тилин орфография эрежелери да улам такталып келе жатат. Азыр колдонулуп кыргыз тилинин орфографиясынын соңку редакциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылы 26-июнь кабыл алынган, № 567 токтому менен бекитилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости