www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муну биз айтып аткан жерибиз жок. Дүйнөлүк Банк айтты. Дегенибиз, Кыргызстан аталган банк тарабынан жарыяланган Doing Business-2020 рейтингинин алдыңкы жыйырма реформатор - өлкөсүнүн катарына кирди.

Тизменин бул сабына өлкөбүз электр түйүндөргө кошулуу, салык салуу жана насыя алуу индикаторлору боюнча көрсөткүчтөрдүн жакшырганына байланыштуу киргендиги маалым болду.

Дүйнөлүк Банк алдыңкы 20 реформатор-өлкөнүн катарына, ондон ашык тармак боюнча бизнес жүргүзүүнү жеңилдете турган реформаларды жасаган мамлекеттерди киргизген.

Doing Business-2020 рейтингинин расмий бет ачары быйыл октябрдын аягында болот. Кыргызстандын 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, өлкө 2023-жылга карата «Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кириши керек.

2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан бул рейтингде 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүчүн жети тепкичке жакшыртып, 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга жайгашты. Doing Business рейтинги дүйнөнүн 190 өлкөсүндө бизнести көзөмөлдөөгө байланышкан мыйзамдарды баалаганга мүмкүндүк берет, - дейт “Майдан. kg” гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости