www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата Жалал-Абад областындагы милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жер-жерлерде ички иштер органдарынын ардагерлеринен жана улгайган карыялардан кабар алышууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, аталган иш-чаранын негизги максаты карылардын бул жашоодо өз орду жана алардын сый-урматка татыктуу экендигин белгилөө болуп саналат.
Карылар күнүндө Жалал-Абад ОИИБнин жетекчиси, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов башында турган топ ички иштер органдарынын эки ардагери: Жалал-Абад шаарында жашаган 70 жаштагы Абдылдабек Абылкасымов жана Сузак районунун 82 жаштагы тургуну Мойдун Мамажанов менен жолугушуп, акчалай колдоо көрсөтүшүп, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү тапшырып, аларга бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык каалашты.
Ушундай эле иш-чара бүгүн Таш-Көмүр ШИИБинин кызматкерлери тарабынан өткөрүлдү. Алар Шамалды-Сай шаарчасында жашаган 68 жаштагы Хасиятхан Хасановадан кабар алышып, атайын даярдалган белектерин жана акчалай сыйлыгын тапшырышты.
Ошондой эле Жалал-Абад ШИИБинин жаш кызматкерлери бүгүн ички иштер органдарынын ардагерлери менен жолугушуп, чакан баарлашуу орун алды. Соңунда ардагерлерге атайын даярдалган сый тамак тартууланды.
Булак: NazarNews.kg