www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын ички рыногуна керектелчү күйүүчү май Орусиядан ташылып келет. Орусия Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарын төлөбөстөн экспорттоого уруксат берген. Анын көлөмү керектөөгө, суроо-талапка жараша өзгөрүшү ыктымал. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди. Документке Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар комитети менен Орусиянын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү 6-декабрда кол коюшту.

Кыргызстанда күйүүчү майдын кескин кымбатташы ушул жылдын башында эле байкалды. Мунай ташуучу компаниянын маалыматына ылайык жарым жылда эле бензиндин баасы 6,5 пайызга, дизелдин баасы 11 пайызга көтөрүлгөн.

- Азырынча баасын айта албайм. "Келишимдин негизинде кошумча алымы жок көлөм бизге келет" деп айтып жатабыз. Ал эми баасы ар бир айдын биринчи күнү өзгөрүп турат, мунай иштетүүчү завод бизге дүң баасын айтат. Азырынча баа белгисиз, мунайдын баррелинин баасы 1-2% төмөндөп жатат. Эмдиги айда кандай болору белгисиз, - деди Эшатов.

2018-жылдын январь айынан баштап Кыргызстанга 504 миң тонна мунай өндүрүмү жеткирилген. Анын 234 миң тоннасы бензин болсо, 270 миң тоннасы дизелдик күйүүчү май.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости