www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-декабрда Алматынын Алмалы райондук сотунда “Жихадчылар иши” боюнча тергөө аяктап, жарыш сөз башталды.

Прокурор айыпталуучулардын күнөөсү толугу менен далилденгенин айтып, Алмат Жумагуловду тогуз жылга, Кенжебек Абишев менен Оралбек Омыровду сегиз жылга түрмөгө кесүүнү сурады.

44 жаштагы Алмат Жумагулов терроризмди үгүттөөгө, улут аралык кастыкты козутууга, 52 жаштагы Кенжебек Абишев менен 48 жаштагы Оралбек Омыров терроризмди үгүттөөгө айыпталууда.

Алар айыптоолорду четке кагып, светтик жашоо образын жактай турганын билдирип келишет. Бир катар казакстандык укук коргоо уюмдары Абишев менен Жумагуловду саясий туткун катары сыпаттаган. Казак бийлиги алардын коомдук-саясий макамы тууралуу комментарий берген эмес.

Үчөө тең былтыр күздөн бери тергөө абагында камакта отурат.

Булак: "centralasian"

Последние новости