www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 6-апрелинде Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү максатында ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы „Баткен жана Талас облустарында айылдарды суу менен жабдууну жана санитарияны жакшыртуу“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Ислам өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Последние новости