www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-нобярь күнү  Кыргыз Республикасыны Айыл чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Чодуев Кытай Эл Республикасынын “Елинк Технологии” компаниясынын директору Дин Шуай мырза менен жолукту.

Жолугушууда, тараптар айыл чарбасын санариптештирүү, заманбап  айыл чарба техникаларын колдонуу, мал чарбасын асылдандыруу, заманбап технологияларды колдонуу менен малга тоют даярдоо, айыл чарба продукцияларын экспорттоо-импорттоо жана сапаттуу үрөндөрдү өндүрүү боюнча талкуу болду.

Талкуу учурунда Дин Шуай мырза айыл чарба тармагын  санариптештирүү боюнча презентацияларын окуп, видео роликтерди көрсөттү. Санариптештирүү программасын киргизгенде топурактын курамында кандай заттар жетишпейт, нымдуулугу канча пайыз, өсүмдүктүн өсүү абалы кандай, канча түшүм күтүлөөрү жөнүндө маалыматты алдын ала билүүгө болоорун түшүдүрдү. 

Жолугушуу учурунда Министр Э.Чодуев, эки өлкө айыл чарба багытында көп тармакта кызматташып келгендигин айтып, айыл чарба продукцияларын экспорттоо, импорттоо боюнча бир топ келишимдерге кол коюлгандыгын билдирди. Ошондой эле айыл чарбасын санариптештирүү жана мал чарбасын асылдандыруу жана башка тармакты өнүктүрүү максатында “Елинк Технологии” компаниясы менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирип, келишим түзүүгө убада  кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости