www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстанда диний-экстремисттик жана террористтик багытты көздөгөн 63 сайт аныкталды. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүлгөн.

Натыйжада диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологияларын таркатуу жана пропагандалоо менен алектенген жалпы 63 сайт жана 20 аккаунт аныкталган.

Анын ичинен соттун чечими менен 38 сайтка бөгөт коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости