www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бир тонна көмүрдү 3 миң сомдон Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде сатып жатышат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

"Азырынча бир үй-бүлө 2 тоннадан гана ала алат. Кийинчерээк бул чектөөнү жоюу пландалып жатат", — деди Зоотбекова.

Кечээ, 15-ноябрда, президент Садыр Жапаров ТЭЦ-2 объектинин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3 000 сомго түшөрүн убадалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости