www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабулда 15-ноябрда эртең менен жолго коюлган бомба жарылды. Ооган башкалаасынын полиция бөлүмүнүн өкүлү Мобин Хандын айтымында, окуя Коти Санги конушунда, көчөлөр кымгуут түшкөн маалда болду.

Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. “Талибан” кыймылы бийликти басып алган августтан бери ушул өңдүү жардырууларды “Ислам мамлекети-Хорасан” радикал уюму уюштуруп келген.

Күбөлөрдүн бири жарылуудан кийин жарадар болгон 3 кишини көргөнүн, ал жерди талиб полициясы курчоого алганын агенттиктерге айтып берди.

Эки күн мурун эле Кабулдун шийилер жашаган районунда бомба жарылып, "Ариана" телеканалында иштеген белгилүү журналист Хамид Сейгани каза тапкан.

"Талибан" өкмөтүнүн атынан сүйлөгөн Забиулла Мужахид бери дегенде бир карапайым киши өлгөнүн, 4 киши жараат алганын, окуя териштирилип жатканын билдирген.

Кийинчирек "Ислам мамлекети-Хорасан” радикал уюму «Телеграммдагы» каналы аркылуу автобуска коюлган бомбадан бир киши жан бергенин, "20 кудайды танган шийи" жарадар болгонун, арасында журналист бар экенин кабарлаган.

Сунилердин бул тобу талибдерди душман деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости